Садыр Жапаров: «2035-жылга карата акыркы 30 жылда топтолгон карызды толугу менен төлөп бүтөбүз»

2035-жылга карата акыркы 30 жылда топтолгон карызды толугу менен төлөп бүтөбүз. Бул тууралуу Бишкекте IV Элдик курултайда делегаттардын суроолоруна жооп берип жатып президент Садыр Жапаров билдирди. Өлкө башчынын айтымында, 2030-жылдан тартып сырткы карыздын көлөмү азая баштайт. Ал эми 2035-жылы карыздан толук кутулууга жол ачылат. Ушул жылдын сентябрь айындагы маалымат боюнча Кыргызстандын мамлекеттик карызы 732 млрд…

Кененирээк

Кыргызстанда сотторду эрте пенсияга чыгаруу сунушталды

Кыргызстанда судьяларды мөөнөтүнөн мурда пенсияга чыгууга мүмкүнчүлүк берүү сунушталууда. Тиешелүү мыйзам долбоорун президент администрациясы иштеп чыкты. Ага ылайык, судьялык иш тажрыйбасы 20 жылдан кем эмес болгон учурда, пенсия курагына жете электигине карабастан, ардактуу эс алууга чыгууга уруксат берилет. Документте соттордун психофизиологиялык жүгү оор, курактык өзгөрүүлөр менен топтолгон стресс ишти тез жана сапаттуу кароо жөндөмүнө терс таасирин…

Кененирээк

“Манас” аэропортунда каттамдар жанданды.

Бул тууралуу “Кыргызстан аэропорттору” ишканасынын басма-сөз кызматынан билдиришти. Учурда көрүү аралыгы 3 миң метрди түзүүдө. Эске салсак, акыркы күндөрү “Манас” аэропортунда коюу тумандан улам учактар учуп-коно албай, каттамдар Ысык-Көлдөгү, Алматыдагы, Ташкенттеги жана Оштогу башка аба майдандарга багытталып жаткан.

Кененирээк

«Түндүк» тиркемеси аркылуу 100 миңге жакын жаран өзүнө-өзү насыя алууга тыюу салды

“Түндүк” тиркемеси аркылуу өзүнө-өзү насыя алууга тыюу салгандардын саны 100 миңге чукулдады. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти. Эске салсак, механизм 1-ноябрда ишке кирген. Анын башкы максаты — алдамчылардан коргоо болуп эсептелет. Кызмат акысыз, ыктыярдуу жана жарандарга өзүнүн атына насыя каттоого мүмкүнчүлүктү бөгөттөп коюу укугун берет. Тыюуну алып салуу дагы “Түндүк” тиркемеси аркылуу жүргүзүлөт.

Кененирээк

Өлкөдө бир жылда 1 545 чакырым жол асфальтталды

2025-жылдын башынан бери Кыргызстанда 1 545 чакырым жолго асфальт төшөлдү. Бул тууралуу транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Бекназар Базаралиев билдирди. Анын айтымында, мындан тышкары бир катар жол тилкелеринде асфальттоого чейинки ири жер иштери аткарылып, алар кийинки жылы асфальт басууга толук даярдалды. Министрликтин баштапкы планы болжол менен 1 миң чакырым жолду асфальттоо болгон. Жол куруучулардын…

Кененирээк

Айдоочуларга кулак кагыш! Ош шаарында Мамыров көчөсү убактылуу жабылат

Ош шаарынын Мамыров көчөсү (Алиев көчөсүнөн Садырбаев көчөсүнө чейинки аралык) 19-декабрдан 20-декабрга караган түнү түнкү саат 00:00дөн баштап унаа кыймылы үчүн жабылат. Бул тууралуу шаардык мэрия кабарлады. Чектөө 2 күнгө созулуп, ишемби, жекшемби күндөрү бул жолдо оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлөт. Муниципалитет убактылуу ыңгайсыздыкты эске алуу менен багытыңызда алдын-ала пландап алууну эскертет.

Кененирээк

2026-жылы айлык акылар этап-этабы менен жогорулайт

2026-жылы Кыргызстанда айлык маяналар эки этап менен көбөйтүлөт. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев УТРКга берген маегинде билдирди. Анын айтымында, биринчи этапта мугалимдердин, дарыгерлердин, маданият тармагынын жана тейлөө кызматкерлеринин айлыгы кеминде 50 %га көтөрүлөт. Бул өзгөртүү 2026-жылдын башынан тарта ишке ашат. Экинчи этап 1-сентябрдан баштап жүргүзүлүп, анда мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин маянасы 50 пайызга…

Кененирээк

Эртең мененки коюу туманга байланыштуу “Манас” аэропорту 15 рейсти башка шаарларга жөнөттү

“Кыргызстан аэропорттору” ишканасы алардын ичинен 7 рейс Ысык-Көлгө, үчөө Ташкентке, калгандарын Алматыга жөнөткөнүн билдиришти. “Саат 8:30дан тарта абал турукташып, “Манас” аэропорту учактарды кабыл алып жатат. Башка шаарларга жөнөтүлгөн рейстер Бишкекке кайтууда”, — деп айтылат маалыматта.

Кененирээк

1-класстын окуучулары үчүн кышкы каникул 24-декабрда башталат

Келе жаткан дүйшөмбүдөн тарта бардык 1-класстын окуучулары үчүн кышкы каникул башталат. Бул туралуу агартуу министрлиги маалымдады. Агартуу министрлигинин маалыматына ылайык, алты жаштагы балдардын окуудан эс алуусу 24-декабрдан 18-январга чейин пландалган. Калган окуучулар каникулдун жалпы графиги боюнча — 31-декабрдан 11-январга чейин эс алышат. Сабактар 12-январда кайра башталат.

Кененирээк

«Балдардын жаңы жылдык майрамдары чектелбейт»

Балдардын жаңы жылдык майрамдарын чектөөгө болбойт. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев билдирди. Минкаб төрагасы белгилегендей, жаңы жылдык корпоративдерге коюлган чектөө мамлекеттик органдарга гана тиешелүү. “Айрым жетекчилер бул чектөөнү туура эмес түшүнүп, балдарга арналган жаңы жылдык иш-чараларды да өткөрбөгүлө деп жатышыптыр. Белгилей кетейин, жаңы жылдык корпоративдерге коюлган чектөө мамлекеттик органдарга гана тиешелүү.Балдардын жаңы жылдык…

Кененирээк