Башаламандык уюштурууга шектелгендер СИЗО-1ге киргизилди

Бийликти басып алууга даярдыкты уюштуруу боюнча иштин фигуранттары СИЗО-1ге киргизилди. Кадырбек Атамбаев, Темирлан Султанбеков, Дамир Мусакеев, Кубанычбек Кадыров Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечими менен 2026-жылдын 27-декабрына чейин камакка алынды. Калган шектүүлөр тергөө абагына киргизилген. ИИМ буга чейин парламенттик шайлоодон кийин массалык башаламандык уюштурууга даярданып жүргөн делген топтун мүчөлөрү кармалганын билдирген.

Кененирээк

Бишкекте «Алтай» шаарчасы курулат

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Бишкек шаарындагы “Алтай” шаарчасынын курулушуна мезгил кутусун салуу аземине катышты. “Алтай” — бул 234 гектар аянтта жайгашкан турак жай жана социалдык комплекстин ири масштабдуу долбоору. Бул жерде 1551 беш кабаттуу турак үй курулат. Бардыгы болуп ар кандай пландаштырылган 34 004 батир каралган. Курулуштун жалпы аянты 1 миллион 7 миң чарчы…

Кененирээк

Кыргызстан эгемендиктин 33 жылдыгын белгилеп жатат

Бүгүн, 31-август – Кыргызстандын эгемендигинин 33 жылдыгы белгиленип жатат. Жогорку Кеңеш 1990-жылдын октябрында өлкө аталышын Кыргыз Республикасы деп өзгөртүп, 15-декабрда Эгемендик декларациясы кабыл алынган. 1991-жылдын 31-августунда өлкөнүн Эгемендик күнү жарыяланган. Учурда Борбордук Ала-Тоо аянтында 100 метр болгон жаңы флагштогдун туусу салтанаттуу көтөрүлдү.Иш-чара Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө жана Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналат.

Кененирээк

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2026-жылы Өзбекстанда өтөт

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2026-жылы Өзбекстанда өтөт. Бул тууралуу 2024-жылдын сентябрь айында Астанада өтө турган оюндарга улуттук курама команданы даярдоо боюнча жыйында белгилүү болду. Буга чейин VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Кыргызстанда өтө турганы айтылган. Эске салсак, оюндар үч ирет Кыргызстанда, төртүнчүсү Түркияда өткөн. Эми бешинчиси сентябрь айында Казакстанда болот.

Кененирээк

Ош шаарындагы энелер медалдар менен сыйланды

Ош шаарында көп балалуу аялдарга «Баатыр эне», «Эне даңкы» сыйлыгы ыйгарылды. Бул тууралуу мэрия билдирди. 15 аял «Баатыр эне» болушса, 11и «Эне даңкы» медалын алышты.“Баатыр эне” наамы жети жана андан көп бала төрөгөн, балдарга бардык жактан татыктуу тарбия берген энелерге ыйгарылат. Ал эми «Эне даңкы» медалы менен алты бала төрөгөн жана аларды татыктуу тарбиялаган Кыргыз…

Кененирээк

31-августта 15 миңден ашык милиционер коопсуздукту камсыздайт

Кыргызстанда Эгемендүүлүк күнүндө коомдук коопсуздукту камсыздоого 15 миңден ашык милиционер тартылат. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, 28-августка чейин республика боюнча «Укук тартип» аталышындагы комплекстүү алдын алуу ыкчам иш-чарасы уюштурулат. Ал эми Бишкек шаарында өтө турган майрамдык иш-чараларда ИИМдин 5 миңден ашык кызматкери тартылат.

Кененирээк

Ош шаарында өрт чыкты

Бүгүн, 26-августта Ош шаарынын Кыргыз көчөсүндө жайгашкан турак үйдөн өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлады. Маалыматка ылайык, өрттү өчүрүүгө 6 күжүрмөн эсеп жана штаб тартылды.Өрт саат 13:40та чектөөгө алынып, учурда толук өчүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Кененирээк

Келечек ээлери болгон жаш жеткинчектерибизге мектеп формалары, окуу куралдары белекке берилди

Бул жолку иш сапарынын алкагагында Жогорку Кенештин депутаты Улан Примов Алай, Чоң-Алай жана Кара-Кулжа районундагы орто мектептин  окуучулары менен таанышып, ата-энелери менен жолукту. Эл өкүлү Улан Примов балдардын абалын сурап,   алардын муктаждыктарын толуктап жардам берүүгө даяр экенин баса белгилеп, ошону менен катар мектеп окуучуларын 2024-2025-жаңы окуу жылы менен куттуктап, ийгиликтерди каалап өттү. Иш чаранын жүрүшүндө…

Кененирээк

Мөмө-жемишти сактай турган логистикалык кампа курулду

Аксыда 500 тонна мөмө-жемишти сактай турган логистикалык кампа курулду. Айыл чарба министрлиги курулушка 22 млн сом сарпталганын маалымдап, ишкана сезон учурунда 10дон ашык кишини жумуш менен камсыз кыларын билдирди. Ушул эле райондун Жер-Тал айылында мөмө-жемиштин кагын кайра иштеткен логистикалык борбор салынып, ал сентябрда ишке берилери кошумчаланды. Ишкана сезон учурунда 25ден ашык кишини иш менен камсыз…

Кененирээк

Бишкекте 29 млн сомго гүлбак курулууда

Бишкек шаарына жаңы кошулган Новопавловка айылында гүлбак салынууда. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.Гүлбак Фрунзе көчөсүндө жайгашат, ал 29 млн сомго курулууда. Курулуш иштерин «Орбитал Строй» компаниясы жүргүзүүдө. Анын аянты дээрлик 11 миң чарчы метрди түзөт.Гүлбактын курулушун күзүндө бүткөрүү пландалууда.

Кененирээк