Кеч уктоонун зыяны

Сиз өзүңүздүн дене түзүлүшүнүз же сырткы келбетиңиздеги артыкчылык менен кемчилдиктерди жашоо образыңыз аркылууөзгөртүп алсаңыз болот. Ага атайын адистердин изилдөөлөрүнүн жыйынтыгы себеп. Тагыраагы өз убагында эс алуу, иштөө же тамактануунуз сырткы келбетиңизге түздөн-түз таасир берет. 1) Психикалык чарчооАтайын изилдөөлөргө ылайык мээнин активдүү эс алуусу кечки саат 21:00дөн 23:00гө чейинки убакытты түзөт. Эгерде сиз саат 23:00дөн кийин…

Кененирээк

Аксы окуясында жабыркагандарга жөлөк пулдун өлчөмү көбөйтүлдү

Аксы окуясында жабыркагандарга жөлөк пулдун өлчөмү көбөйтүлдү. Көбөйтүлгөн жөлөк пулду ушул жылдын 5-февралынан тартып ала башташаары маалымдалды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти. «Жөлөкпулдун өлчөмү 3700 сомдон 4500 сомго жогорулады. Кошумча жөлөкпулдун бул түрүн алуучуларга 2023-жылдын 1-сентябрынан тартып кайра эсептөө жана төлөө жүргүзүлөт«, — деп айтылат маалыматта.

Кененирээк

Баткенде 30 аял грант алып, ишкердигин баштады

Чек арада жайгашкан Баткен районунун Актатыр, Самаркандек, Кара-Бак, Ак-Сай айыл аймактарындагы 30 аял атайын окутуулардан өтүп, өз ишкердигин баштады. Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, 14 аял тигүүчүлүк боюнча, 1 аял мототакси кызматын уюштуруу, 2 аял малина өстүрүү, 2 аял азык-түлүк дүкөнүн ачуу, 8 аял кондитердик азыктарды даярдоо, 3 аял сүт азыктарын сатуу багытында ишкердик менен…

Кененирээк

Нарын: аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө акысыз көмүр таратылды

Нарын районунда социалдык жактан аз камсыз үй-бүлөлөргө жана ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга мамлекет тарабынан колдоо көрсөтүү максатында 100 тонна акысыз көмүр таратылды. Бул тууралуу райондук администрациядан билдиришти. Маалыматка ылайык, аталган добоорду ишке ашыруу «Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коому тарабынан каржыланды. Алсак, Чет-Нура айыл өкмөтүнө 12 т, Жан-Булак айыл өкмөтүнө 10 т, Учкун, Жерге-Тал,…

Кененирээк

Жаратылышты жанданткан “жасалма мөңгүлөр”

Климаттын өзгөрүүсүнө байланыштуу жаратылышты коргоого багытталган көптөгөн иш аракеттер аткарылып келет, алардын бири жасалма мөңгү тоңдуруу. Мындай ыкманы Жалал-Абад облусунун Кашка –Суу айылында 2 жылдан бери колго алып келишет. Декабрь айында тондурула баштаган мөңгүлөр май айынын ортолоруна чейин айыл элиндеги суу таңкыстыгын жоюуга пайдаланылып келет. Айыл өкмөт башчысы Шекербек Камчыбек уулунун айтымында бул иш аракеттин…

Кененирээк

”24.01.24”. Кооз датада канча түгөй баш кошту?

Кечээ, бул жылдын кооз датасында, тактап айтканда «24.01.24» датасында өлкөдө 184 түгөй никесин расмий каттады. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлиги билдирди. Маалыматка караганда, борбор калаада 41 түгөй баш кошуп, ал эми Ош шаарындагы Бакыт өргөөсүндө 4 үй-бүлө түптөлгөн. Министрликтин маалыматында, 2023-жылы расмий катталган никенин саны 1 миң 430га көп болуп, 44 миң 776 үй-бүлө куралган….

Кененирээк

Диний сабак өткөргөн бала бакчанын директору милицияга пара берүүгө аракет кылган

Ош шаарында “Би-Би Мариям” аталышындагы жеке балдар бакчасынын жетекчиси милицияга пара берүү учурунда кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Ош шаарында жайгашкан “Би-Би Мариям” аталышындагы балдар бакчасынын ишмердүүлүгү текшерилип жаткан. Мындай текшерүүгө айрым интернет булактарында аталган балдар бакчасынын жаш тарбиялануучуларына Кыргыз Республикасынын балдар бакчаларынын тарбиялануучуларына туура келбеген,…

Кененирээк

Коомдук транспорттордо кыргыз тилинде анимациялык мултьфильмдер көрсөтүлөт

Эми Бишкекте автобус жана троллейбустарда орнотулган мониторлордо кыргыз тилинде даярдалган анимациялык мультфильмдер көрсөтүлө баштайт. Бул тууралуу Бишкек троллейбус башкармалыгынан маалымдашты. Аталган маселе Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинде өткөн жолугушууда талкууланды. Жолугушууга президентке караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Каныбек Осмоналиев, Бишкек шаарынын мэринин орун басары Максатбек Сазыкулов, Бишкек шаарынын мэриясынын…

Кененирээк

Материалдык чыгым 68 млн. Каржы пирамидасына байланыштуу 40 адам жоопко тартылды

Каржы пирамидасына байланыштуу 40 адам жоопко тартылды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан маалымдашты. Мекеменин билдирүүсүнө караганда, 2023-жылы Кыргызстанда каржы пирамидасына байланыштуу 358 иш тергелди. Анын ичинен 217 кылмыш ишинин тергөөсү аяктап, соттук кароого жиберилген. Учурда 98 кылмыш иши боюнча тергөө иштери уланып келет.Кылмыш иштери боюнча жабырлануучулардын жалпы саны 350 адамдан ашып, келтирилген…

Кененирээк

“Жол акы 8 сомго туура келет”. Окуучуларга «Тулпар» картасы сунушталууда

Бишкек мэриясы 2024-жылдын 30-январынан тарта коомдук транспортто жол акысы көтөрүлгөндүгүнө байланыштуу окуучуларга айына 360 сомго “Тулпар” картасын сатып алууну сунуштоодо. Аны менен коомдук транспортто чексиз жүрүүгө болот.Бул окуучулар үчүн пайдалуу сунуш, анткени айына кеминде 44 сапар жасалса, жол акысы болгону 8 сомго туура келет. Мектеп окуучулары үчүн жеке «Тулпар» карталарын башка адамдарга колдонууга тыюу салынат….

Кененирээк