«Кара-Суу» жана «Дордой» базарларынын ишкерлери ККМ колдонуудан бошотулат

Кара-Суу базарынын ишкерлери көзөмөл-кассалык машиналарды (ККМ) колдонуудан бошотулат. Бул тууралуу мамлекеттик салык кызматы кабарлады. Ошондой эле мекеменин маалыматына ылайык 29-ноябрда Кара-Суу районунун администрациясынын алдына нааразылык акцияга чыккан соодагерлер тарап, соодасын улантып жатышат. Салык мыйзамдарына ылайык, стратегиялык объекттерге кирген базарларда иш жүргүзгөн ишкерлер өзгөчө салык режиминде иштей алышат. Азыркы учурда стратегиялык объекттерге «Дордой» жана “Тураталы эл…

Кененирээк

Жогорку Кеңеш Кыргызстандын желегин өзгөртүү боюнча мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды

Жогорку Кеңеш Кыргызстандын желегин өзгөртүү боюнча мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды. Добуш берүүдө 66 депутат макул, 8 депутат каршы болушту. Тууну өзгөртүү демилгесин депутат Улан Примов жана төрага Нурланбек Шакиев көтөрүп чыккан.Демилгечилердин бири, депутат Улан Примов мыйзам долбоору боюнча баяндама жасады. Ал белгилегендей, Кыргыз Республикасынын башкы мамлекеттик символдорунун бири болгон Кыргыз Республикасынын желегин жакшыртууга багытталганын…

Кененирээк

«Сен жалгыз эмессиң!» Зомбулукка каршы 16 күндүк акция башталды

“Сен жалгыз эмессиң!» Мындай аталыштагы зомбулукка каршы 16 күндүк акция бүгүн Ош шаарында башталды. Саамалыктын алгачкы кунү ОшМУда уюштурулду. Анда катышуучуларга зордук-зомбулук боюнча маалымдуулукту жогорулатуу, жабырлануучуларга колдоо көрсөтүугө багытталган маалыматтар берилди. Ошондой эле тасма көрсөтүлуп аны талкуулоо аркылуу эксперттерге суроолор берилип, иш-чаранын соңунда “Мен сага ишенем” аттуу флешмоб уюштурулду. Уюштуруучулар бул катышуучулардын зомбулуксуз коомду түзүүгө…

Кененирээк

Төкмө акын Нурайым Бактыяр кызы Монголияда өткөн эл аралык айтышта 3-орунду ээледи

Төкмө акын Нурайым Бактыяр кызы Монголияда өткөн эл аралык айтышта 3-орунду ээледи. Бул тууралуу «Манас» кыргыз улуттук театрынан маалымдашты. Эл аралык айтыш белгилүү акын, жазуучу, коомдук ишмер Мурат Пушатай уулунун 70 жылдык мааракесине арналып «Бай өлкөм – баш бешигим» аталышында өткөн.Айтыштын финалы 26-ноябрда болуп, Нурайым Бактыяр кызы 3-орунга татыган. Ошондой эле акын кызга диплом жана…

Кененирээк

Фостердик үй бүлө 186 баланы тарбиялап жатат

Бүгүнкү күндө өлкөдө 98 фостердик үй-бүлөдө 186 бала тарбияланууда. Бул үй-бүлөлөрдү жана балдарды каржылоого быйыл 48 млн сом бөлүндү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги кабарлады. Министр Гүлнара Баатырова Аламедин районундагы фостердик үй-бүлө көрсөткөн кызматтын сапатын текшерип, балдар жана ата-энелер менен баарлашты. Фостердик үй-бүлөлөр турмуштук оор кырдаалга кабылган балдарды убактылуу жайгаштырышат. Атайын окуудан…

Кененирээк

Мушташкан үч милиция жумуштан алынды

Ош облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Жеңиш Жоробековго эскертүү берилип, анын үч орун басары — Алмаз Усеналиев, Салмоорбек Шералиев жана Улан Асанбаев кызматтан алынды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин (ИИМ) басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, буга чейин соцтармактарга «Ош облустук милициянын башчысынын орун басарлары мушташып жатат» деген видео тарап, коомчулукта кызуу талкууга алынган. Бул…

Кененирээк

Үй бүлөлүк зомбулуктан жапа чеккен аялдарга, балдарга атайын унаалар жардам көрсөтөт

Үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан жапа чеккен аялдарга жана балдарга тез жардам көрсөтүү үчүн атайын унаалар тапшырылды. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясы маалымдады. Анда төрт райондун социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын жетекчилерине жаңы унаалардын ачкычын Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев тапшырды. “Социалдык унаа” салонунда документтерди тариздөө, психологиялык жана юридикалык жардам көрсөтүү үчүн үстөл орнотулуп, аялдарды жана балдарды ташууга, мобилдик топтун…

Кененирээк

Курулуш ченемдери жана эрежелери жаңыланат

Өлкөдө курулуш ченемдери жана эрежелери жаңыланат. Демилгени Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Нурдан Орунтаев көтөрүп, курулуш ченемдерин жана эрежелерин жаңыдан иштеп чыгуу боюнча жумушчу топ түзүлдү. Бул тууралуу Мамкурулуштан билдиришти. Анын алкагында директордун орун басары Т. Иманакун уулу Куруучулар союзунун төрагасы А. Молдобаев , Сейсмотуруштуу курулуш боюнча эксперттердин эл аралык ассоциациясынан…

Кененирээк

А.Жапаров: өлкө карыз төлөөнүн эң жогорку тепкичинде

Кыргызстан 2030-жылга чейин тышкы карызга ири сумманы төлөшү керек. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди. Анын айтымында, өлкө карыз төлөөнүн эң жогорку тепкичине жетти. Акылбек Жапаров 2024-жылдын республикалык бюджеттинде бюджеттик колдоонун алкагында келүүчү насыялар жана гранттар боюнча суммалар жок экендигин, өлкө өзүнүн булактарына таянарын кошумчалады. “2030-жылга чейин ири суммалардагы карызды…

Кененирээк

Чоң-Алай: 375 орундуу мектеп пайдаланууга берилди

Ош облусунун Чоң-Алай районуна караштуу Кашка-Суу айылында 2015-жылы башталган Максатбек Эсенкелди уулу атындагы мектеп бүткөрүлүп, пайдаланууга берилди. Айыл элин күттүргөн иш чарага Жогорку Кенештин депутаты Улан Примов катышты. Саамалыктын алкагында мектептин курулушуна кошкон салымы үчүн “Чоң-Алай районунун ардактуу атуулу” наамы ыйгарылды. Билим уясы 375 орунга ылайыкташкан. Мектеп окуу корпусунан, спорттук залдан жана өтмө галереядан турат….

Кененирээк