Абанын сапатын көзөмөлдөөчү муниципалдык инспекция тузүлдү
Бишкекте абанын сапатын көзөмөлдөө боюнча муниципалдык инспекция түзүлдү. Бул тууралуу Бишкек мэри Айбек Жунушалиевдин 100 күндүк ишинин жыйынтыгы боюнча отчетунда айтылат.Инспекциянын кызматкерлерине ыйгарым укук берилип, алар транспорттун атмосфералык абага тийгизген таасирин, ошондой эле жарандар тарабынан булгоо маселелери боюнча ченемдик укуктук актылардын, стандарттардын, эрежелердин жана башка талаптардын сакталышын көзөмөлдөй алат.Инспекторлорго атайын форма берилип, аларга 11 кызматтык…

