Кыргызстандын велоспорт боюнча курама командасы 5–13-февралда Сауд Арабиясында өтүп жаткан шосселик велоспорт боюнча Азиянын 45-чемпионатына катышууда. Бул тууралуу аталган спорт түрүнүн федерациясы билдирди.
Кыргызстандын өкүлү Игорь Филин «мастерс 60–64» категориясында 62,4 чакырымдык топтук жарышта ишенимдүү жеңишке жетип, алтын медаль тагынды. Андан мурда ал 20 чакырымдык жеке старттагы жарышта күмүш медаль уткан.
Бул — Кыргызстандын эгемендүүлүк тарыхындагы шосселик велоспорт боюнча топтук жарышта алынган алгачкы алтын медаль. Ошондой эле бул сыйлык Азия чемпионаттарында Кыргызстандын эсебине жазылган бешинчи алтын медаль болуп калды.
Буга чейин континенттик биринчиликтерде Кыргызстан үчүн алтын медалды Евгений Ваккер утуп келген. Ал 2007, 2008, 2011 жана 2012-жылдары жеке жарыштарда жеңишке жеткен.

