Ысык-Көлдүн бир нече айылдарын сел каптады
18-августта катуу жааган жамгырдан соң Ысык- Көл облусундагы бир катар айылдарда сел жүрдү. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, Ысык-Көл районундагы Булан-Сөгөттү, Корумду Темировка айылдарында жана «Ысык-Көл Аврора” пансионатын сел каптаган. Учурда кырсык болгон жерде куткаруучулар иштеп жатат. Расмий маалымат боюнча, селден эң көп Темиров айылы жабыркап, 100дөн ашык үйдү суу каптаган. Мындан сырткары Тоң районундагы…


