Батумиде Борбор Азия менен Грузиянын кызматташтыгын өнүктүрүү маселелери талкууланат

22–23-октябрда Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Грузияга иш сапары менен барат. Ал Батуми шаарында Борбор Азия өлкөлөрү менен Грузиянын тышкы иштер министрлеринин жолугушуусуна катышат. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги билдирди. Жолугушууда аймактык жана эл аралык маселелер, саясий жана соода-экономикалык кызматташтыкты чыңдоо мүмкүнчүлүктөрү талкууланат. Ошондой эле өлкөлөр ортосундагы транспорттук жана логистикалык байланыштарды өнүктүрүүгө көңүл…

Кененирээк

Кытай менен Борбор Азия өлкөлөрүнүн соода жүгүртүүсү 12 пайызга өстү

2025-жылы Кытайдын Борбор Азия өлкөлөрү менен соода көлөмү 12 пайызга көбөйдү. Бул тууралуу КЭРдин Соода министрлигине таянып «Синьхуа» агенттиги маалымдады. Маалыматка ылайык, Кытай менен аймактагы мамлекеттердин экономикалык жана соода кызматташтыгы олуттуу жылыш көрсөтүп, товар жүгүртүүнүн көлөмү 106,3 миллиард долларга жеткен. Бул көрсөткүч 2024-жылга салыштырмалуу 12 пайызга жогору. Соода көлөмү тарыхта биринчи жолу 100 миллиард доллардан…

Кененирээк