ЕАЭБде чет өлкөлүк товарлардын киргизилишин көзөмөлдөө механизми ишке кирди

1-сентябрдан тарта Евразия экономикалык биримдигинде ЕАЭБдин бир өлкөсүндө бажыдан өткөрүлүп, кийин башка мүчө мамлекеттерге ташылган чет өлкөлүк товарларды көзөмөлдөө механизми иштей баштады. Биринчи этапта система төмөнкү товарларга тиешелүү: • муздаткычтар жана тоңдургучтар;• кир жуучу машиналар;• телевизорлор. Жаңы тартип товарлар тууралуу маалыматты улуттук системаларга киргизүүнүн бирдиктүү жол-жобосун жана ЕАЭБ өлкөлөрүнүн салык органдары ортосунда маалымат алмашууну карайт….

Кененирээк

Кыргызстан ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн арасында экономикалык өсүш боюнча жогорку көрсөткүчтөрүн сактап калды

Бул тууралуу журналисттерге Экономика жана коммерция министрлигинин ЕАЭБди координациялоо башкармалыгынын башчысы Каныбек уулу Элимбек билдирди. Анын айтымында, буга чейин Шымкент шаарында Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйыны өтүп, анда Биримдикке мүчө өлкөлөрдүн өткөн жылдагы макроэкономикалык абалы жана 2026–2027-жылдарга карата божомолдору боюнча баяндама сунушталган. 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ички дүң продукциясынын өсүшү 1,7 пайызды түзгөн. Ал…

Кененирээк

Кыргызстан ЕАЭБде өнөр жай өндүрүшүнүн өсүшү боюнча лидерлигин бекемдеди

Былтыр республикада өсүш 10,6% түздү. Андан кийинки орунда 7,5% менен Казакстан турат. Ал эми 2024-жылдын жыйынтыгында дагы Кыргызстан 5,5 пайыздык көрсөткүч менен сап башына чыкса, кийинки катарда 5,4% менен Беларусь жайгашкан.

Кененирээк