Жогорку Кеңештин ишин эми ЖИ-алып баруучулар чагылдыра баштайт

Жогорку Кеңештин тарыхында биринчи жолу парламенттин ишмердүүлүгүн чагылдыруу үчүн жасалма интеллект технологиясы киргизилди. «Мырза Мыйзам» жана «Айым Кеңеш кызы» аттуу ЖИ-теле алып баруучулар түзүлүп, алар депутаттардын иши, күндүн жыйынтыгы жана жума ичиндеги окуялар тууралуу санариптик форматта маалымат беришет. Маалыматта ЖИни колдонуу убакытты жана каржылык ресурстарды үнөмдөөгө, адам факторун азайтууга жана иштин натыйжалуулугун жогорулатууга багытталганы айтылды….

Кененирээк

2030-жылга карата жасалма интеллект адамзаттан алда канча акылдуу болуп калат

Бул тууралуу америкалык миллиардер жана ишкер Илон Маск Давостогу Дүйнөлүк экономикалык форумда билдирди. Анын айтымында, ошол убакка чейин дүйнөдө миллиарддаган адам сымал роботтор пайда болуп, алардын аркасында товарлар менен кызматтардын молчулугу түзүлөт. Маск роботтордун саны адамдардан да көп болоруна жана ар бир адам өзүнө ушундай андроид сатып ала аларына ишенет. Ишкердин айтымында, окуя ийгиликтүү өнүксө,…

Кененирээк

Кыргызстан жасалма интеллектти киргизүү боюнча дүйнөлүк рейтингде 147 өлкөнүн ичинен 117-орунду ээледи

Microsoft компаниясынын ЖИ экономикасы институтунун отчетуна ылайык, өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча эмгекке жарамдуу кыргызстандыктардын сегиз пайыздан бир аз ашыгы гана ишинде нейротармактарды колдонушат. Бул көрсөткүчтү Кения, Камерун жана Борбордук Африка Республикасы менен салыштырууга болот. Рейтингдин жогорку саптарында Бириккен Араб Эмирликтери, Сингапур жана Норвегия орун алып, бул өлкөлөрдө жасалма интеллектти колдонуу деңгээли 45 пайыздан 64 пайызга…

Кененирээк