Талас шаарында 40 чакырым жол куруу иштери башталды

Президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, учурда 12 көчөдө курулуш иштери жүрүп жатат. Президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Жумаев белгилегендей, долбоорду каржылоо республикалык бюджеттен жана Президенттин турукташтыруу фондунан бөлүнгөн каражаттардын эсебинен жүргүзүлүүдө. Быйыл Эгемендүүлүк күнүн салтанаттуу белгилөө иш-чаралары Талас облусунда өткөрүлөт. Курулуш иштери болжол менен 4 айга созулат. Учурда биринчи этапта 12 көчөдө жалпы 28 чакырым…

Кененирээк

Бишкектин мэри «Манастын» аймагынан өтө турган жол ачыларын айтты

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Манас университети аркылуу өтүүчү жол ачыларын жарыялады. Ал чечим буга чейин кабыл алынганын жана мэриянын кеңсеси жол ачылгандан кийин коопсуздук чараларын камсыз кылууга убада берип жатканын айтты.Ал ошондой эле шаардагы Баласагын атындагы, Карасаев атындагы, Раззаков атындагы университеттерди жана башка жогорку окуу жайлары чоң көчөлөрдүн боюнда коопсуз турганын мисал келтирди. «Манас»…

Кененирээк

Лебединовка–ГЭС-5 унаа жолу ачылды

Реконструкциядан кийин жолдун категориясы өзгөрүп, 2 тилкеден 4 тилкеге кеңейтилди. Ошондой эле 36,6 метрлик көпүрө 5,5 метрге жетти. Жөө жүргүнчүлөр үчүн көпүрө, жолдун эки тарабына тротуарлар да курулган.

Кененирээк

Садыр Жапаров Ош – Кара-Суу автожолунун курулушунун жүрүшү менен таанышты

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында Ош – Кара-Суу унаа жолунун курулушунун жүрүшү менен таанышты. Мамлекет башчысына учурда жолдун тилкесин кеңейтүү жана эски асфальтты алуу иштери жүргүзүлүп жатканы маалымдалды. Транспорт жана коммуникациялар министри Талантбек Солтобаев долбоордо тротуарлар жана велосипед жолу да каралганын айтты. Мындан тышкары, жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу…

Кененирээк

Ош шаарында 4 тилкелүү эки көчөнүн курулушу башталды

Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев Атабаев жана Абакир уулу Төрөбек көчөлөрүндө жүргүзүлүп жаткан жолдордун курулуш иштеринин жүрүшүн жеринен көрүп чыкты. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди. Ошондой эле жергиликтүү тургундар менен жолугуп, башталган көчөлөрдүн курулуш иштерин көзөмөлдөп, тез арада жана сапаттуу бүткөрүү убадасын берди. Белгилей кетсек, аталган көчөлөр төрт тилкелүү болуп кеңейтилет жана жол жээктерине…

Кененирээк

Ош шаарынын жолдорун жакшыртуу жөнүндө макулдашуу колдоого ээ болду

2-мартта Жогорку Кеңештин Финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында «2025-жылдын 29-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Евразия өнүктүрүү банкынын ортосундагы «Ош шаарынын жолдорун жакшыртуу» (узундугу 3,2 км жол участогу менен 2 эстакада көпүрөсүн куруу) долбоору боюнча Каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, жактырылды. Алсак, аталган мыйзам…

Кененирээк

Бишкек–Ош жана Бишкек–Нарын–Торугарт жолунда кар көчкү атып түшүрүлүүдө

Мындай аракет жол кырсыктарын алдын алуу жана каттамды үзгүлтүккө учуратпоо үчүн көрүлүп жатат. Транспорт министрлиги учурда Бишкек–Ош жолунун Өтмөк тилкесинде, Ала-Бел ашуусунда жана Чычкан капчыгайында адистер иш алып барып жатканын кабарлады. Ошондой эле Бишкек–Нарын–Торугарт жолундагы Долон ашуусунда жана Кара-Үңкүр капчыгайында кар көчкүнү мажбурлап түшүрүү иштери жүрүп жатат. Мындай аракеттер 23-февралдан 28-февралга чейин уланат.

Кененирээк