Датка айылынын жергиликтүү кеңешинин депутаттары парламентте

Эл өкүлү Улан Примов Кара-Суу районундагы Датка айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин депутаттары менен жолукту. Жолугушууда Датка айылындагы жүрүп жаткан иштер, социалдык-экономикалык көйгөйлөр тууралуу маалыматтар айтылып, аларды чечүү жолдору талкууланды. Улан Примов буга чейин аймактын бир нече маселелерин жогорку трибунадан көтөрүп келе жатканын жана айылдын инфраструктурасын жакшыртуу үчүн жергиликтүү эл өкүлдөрү менен бирге аракеттерди улантарын белгиледи….

Кененирээк

Министр Жээнбек Кулубаев «Борбордук Азия – Германия» форматынын министрлер деңгээлиндеги жолугушууга катышты

11-февралда Берлин шаарында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев «Борбордук Азия – Германия» форматынын министрлер деңгээлиндеги жолугушууга катышты. Иш-чарага ошондой эле Казакстан Республикасынын, Тажикстан Республикасынын, Түркмөнстандын, Өзбекстан Республикасынын жана Германия Федеративдик Республикасынын тышкы саясат ведомстволорунун башчылары катышты. Жолугушуунун жүрүшүндө катышуучулар соода-экономикалык, инвестициялык жана маданий-гуманитардык тармактарда «Борбордук Азия – Германия» форматындагы диалогду мындан ары бекемдөө…

Кененирээк

Садыр Жапаров курулуш компанияларынын жетекчилери менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 23-январда, өлкөнүн ири курулуш компанияларынын, тиешелүү мамлекеттик органдардын жана Бишкек шаарынын мэриясынын жетекчилери менен кеңешме өткөрдү. Жолугушуу суроо-жооп форматында өттү. Талкуунун жүрүшүндө куруучулардын милдеттенмелерин аткарууларына, ошондой эле курулуш тармагын тескеген ченемдик укуктук базадагы карама-каршылыктарды жоюу жана аны өркүндөтүүгө байланыштуу көйгөйлүү маселелер көтөрүлдү. Мамлекет башчысы Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба…

Кененирээк