АКШ Оман булуңунан Ирандын кемеси кармалганын билдирди

Президент Трамптын айтымында, жүк ташыган Touska кемеси АКШнын блокадасынан өтүүгө аракет кылган. Экипаж токтобогондон кийин америкалык аскердик кеме анын машиналык бөлүгүн бузган. Иран бул окуяны мыйзамсыз аракет деп атап, жакында жооп берерин айтты.

Кененирээк

Иран Перс булуңундагы мамлекеттерден келтирилген зыяндын ордун толтурууну талап кылды

Тегеран АКШ менен Израилдин ортосундагы операция учурунда келтирилген зыяндын ордун толтурууну Бахрейн, Сауд Арабиясы, Катар, БАЭ жана Иорданиядан расмий түрдө талап кылды. Ирандын БУУдагы туруктуу өкүлү Амир Саид Ираванинин катында бул өлкөлөр өз аймактарын камсыз кылып, айрым учурларда жарандык объектилерге кол салууларга катышканы айтылат. Ошол эле учурда Перс булуңундагы мамлекеттер жана Иордания операцияга катышканын четке…

Кененирээк

АКШ менен Ирандын сүйлөшүүлөрү үзгүлтүккө учурады

Пакистандын борборундагы 21 сааттык оор дипломатиялык иш-чарадан соң, АКШ менен Ирандын сүйлөшүүлөрү жылыш болбой, үзгүлтүккө учурады. АКШнын вице-президенти Жей Ди Вэнс 12-апрелдин таңында жабык отурумдан чыгып, диалог «маңыздуу» болгону менен, Тегеран аягында Вашингтондун коопсуздук боюнча негизги талаптарынан баш тартканын жарыялады. АКШнын вице-президентинин басма сөз жыйыны 12-апрелде эртең менен Пакистандын телеканалынан көрсөтүлдү. «Биз бул маселенин үстүндө…

Кененирээк

АКШ менен Иран эки жумага ок атышпоого макулдашты

Анын айтымында, бул Пакистандын ортомчулугу менен жүзөгө ашкан. Тегеран Ормуз кысыгын ачып, кемелердин коопсуздугун камсыздоого макул болгон. “Ирандан 10 пунктудан турган сунуш алдык, аны макулдашуу үчүн негиз деп эсептейбиз”, — деди Трамп. Ал эми Ирандын коопсуздук кеңеши АКШны 10 пунктудан турган планды кабыл алууга мажбурлап, жеңишке жетишкенин жар салды. Ирандын маалыматына ылайык, АКШ Ормуз кысыгына…

Кененирээк

АКШнын Иранга каршы операциясынын чыгымы 42 миллиард доллардан ашты

АКШнын Иранга каршы жүргүзүп жаткан операциясынын чыгымы 42 миллиард доллардан ашты. Бул тууралуу АКШнын Iran War Cost Tracker порталына таянуу менен чет элдик басылмалар жазышты. Андагы маалыматка ылайык, 36 күндүн ичинде чыгымдар 42 миллиард доллардан ашканы көрсөтүлгөн. Аталган портал бул эсептөөлөрдү АКШнын Коргоо министрлиги берген маалыматтардын негизинде эсептеген. Буга чейин АКШнын Коргоо министрлиги операциянын алгачкы…

Кененирээк

Кыргызстан жөнөткөн 7 фура гумжардам Иранга жетти

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Кыргызстандын гуманитардык жардам кербени Серахс шаарына жеткенин кабарлады. Аны кабыл алуу иштери 7-апрелде бажы процедуралары аяктагандан кийин жүргүзүлөт. Эске салсак, 66 тонна азык-түлүк, 63 тонна дары-дармек жүктөлгөн 7 фура 3-апрелде Кыргызстандан жөнөп кеткен.

Кененирээк

Кыргызстан Иранга 7 фура гумжардам жөнөтөт

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы боюнча Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги менен биргеликте Иранга жалпы салмагы 129 тонна болгон гуманитардык жүк жөнөтүүдө. ӨКМ билдиргендей, анын ичинен 66 тонна азык-түлүк — ун, эт консервалары жана өсүмдүк майы — жана 63 тонна дары-дармек бар. Жүк ӨКМдин жети оор жүк ташуучу унаасынан турган колоннага…

Кененирээк

Кыргызстандын Ирандагы элчилиги убактылуу ишин токтотту

Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди. Иранда жүргөн Кыргызстандын жарандарына болушунча сак болуу сунушталат: -Жеке коопсуздук чараларын так сактап, эл көп чогулган жана кооптуу аймактардан алыс болуу, ошондой эле жергиликтүү бийликтин талаптарын так аткаруу зарыл. -Дайыма өздүгүн тастыктаган документтерди алып жүрүп, расмий маалыматтарды тыкыр көзөмөлдөп туруу керек. Министрлик жарандарды Иранга убактылуу барбай турууга чакырат. АКШ…

Кененирээк

Иран–АКШ жаңжалы: Карапайым калк арасында курмандыктар көбөйүүдө

Расмий маалыматтарга ылайык, АКШ жана Израиль тарабынан жасалган соккулардан улам 244 аял каза болду. 18 жашка чейинки 214 өспүрүм,5 жашка чейинки 17 бала жана 24 медицина кызматкери набыт болду. Жалпысынан каза болгондордун ичинде 261и — аялдар жана жаш балдар. Жарандык инфраструктурага келтирилген зыян да өсүүдө. Кызыл Жарым Ай уюмунун маалыматы боюнча: 93 233төн ашуун объект…

Кененирээк

Иран АКШнын согушту бүтүрүү боюнча сунушун четке кагып, өзүнүн шарттарын айтты

Бул тууралуу Иран телеберүүсү маалымдаган. Буга чейин New York Times гезити Тегеранга согушту соңуна чыгаруунун 15 пунктудан турган планын бергенин жазган. Басылманын маалыматы боюнча, бул иште Пакистан ортомчулук кылган. Планда өзөктүк программа жана деңиз жолдорунун коопсуздугун калыбына келтирүүдөн тарта негизги делген бир топ маселелер камтылган. Axios басылмасы Ирандын расмий өкүлдөрү ортомчуга буга чейинки алакалардагы тажрыйбаларынан…

Кененирээк