Көмүрдүн баасын көтөргөндөргө айып салынат

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы көмүрдүн баасына 22-октябрдан тартып 90 күнгө мамлекеттик жөнгө салуу киргенин кабарлады. Мекеменин кабарлашынча, ар бир облуста жана Бишкек менен Ош шаарында өз-өзүнчө көмүрдүн эң жогорку баасы бекитилет. Андан кымбат саткан жеке жактарга үч миң сом, юридикалык жактарга 13 миң сом айып салынат. Маалыматта бул чара жылытуу мезгилинде баалардын негизсиз көтөрүлүшүнө…

Кененирээк

Кыргызстанда көмүрдүн баасына үч айлык мамлекеттик жөнгө салуу киргизилет

Мындай чечим калкты отун менен камсыздоо жана алып-сатарлар бааны көтөрүп ийбеши үчүн кабыл алынды. Көмүрдүн максималдуу баасын Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы бекитип берет. Рыноктогу кырдаалга жараша жөнгө салуу мөөнөтү узартылышы мүмкүн.

Кененирээк

Кыргызстанда көмүр тармагын колдоо жана салык салууну жөнөкөйлөтүү үчүн жаңы мыйзам даярдалууда

Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов көмүр казуучу жана экспорттоочу компаниялардын жетекчилери менен жолугушту. Анда тармактагы системалуу реформалар талкууланып, бизнес өкүлдөрү даярдаган жаңы мыйзам долбоору сунушталды. Документ салык салууну жөнөкөйлөтүүнү, иш механизмдерин ачык-айкын кылууну жана тармактын инвестициялык жагымдуулугун жогорулатууну көздөйт. Жыйындын жыйынтыгында МСК жана «Кыргыз Көмүр» ААКнын адистери долбоорду карап чыгып, сунуш-пикирлерин даярдап, андан соң…

Кененирээк

«Кыргызкөмүр» 2025-жылы боюнча 1 млн 385 миң тонна көмүр өндүргөн

«Кыргызкөмүр» ишканасы 2025-жылы 1 млн 385 миң тонна көмүр казып алды. Бул көрсөткүч 2021-жылга салыштырмалуу эки эсеге көп болгон. Ошондой эле ишкана 511 млн сомдон ашык таза пайда тапкан. Ички рынокту камсыздоо үчүн Бишкек ЖЭБине 587 миң тонна көмүр жеткирилген, бул жалпы өндүрүштүн 40%дан ашыгын түзөт. Ишкана жыл ичинде беш жаңы көмүр кенин ачып, 2026-жылы…

Кененирээк