Бишкектеги 30дан ашык мектеп онлайн окууга өтөт

Бишкекте 21–23-май күндөрү Жалпы республикалык тестирлөөгө байланыштуу 30дан ашык мектеп убактылуу дистанциялык окууга өтөт. Онлайн форматта №1, 4, 6, 9, 10, 11, 13, 20, 24, 29, 38, 39, 40, 47, 50, 55, 62, 63, 64, 65, 66, 68, 69, 70, 72, 73, 75, 84, 88, 93, 96, 100, 101, 102 жана 103-мектептердин окуучулары билим алышат.

Кененирээк

ЖРТ: кошумча каттоо 16 жана 20-майда өтөт

Жалпы республикалык тестирлөөгө кошумча каттоо 16 жана 20-майда Бишкекте жана өлкөнүн бардык облустарында өткөрүлөт. Бул тууралуу Билимди баалоо жана окутуу усулдары борбору билдирди. Каттоо тест өтө турган борборлордо, башкача айтканда мектептерде, саат 13:00дөн 17:00гө чейин жүргүзүлөт. Ар бир район же шаар боюнча так даректи мектеп өкүлдөрүнөн же райондук/шаардык билим берүү бөлүмдөрүнөн тактоо керек. Тестирлөө эки…

Кененирээк

Кыргызстан бала бакчаларга жана мектепке чейинки билим берүүнү реформалоого $6,36 млн тартат

Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коргонуу, коопсуздук жана миграция боюнча комитети «Келечек үчүн билим берүү» долбоорун кошумча каржылоо боюнча Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы менен түзүлгөн макулдашууларды ратификациялоо тууралуу мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кабыл алды. Кеп $6,36 млн тууралуу болуп жатат, анын $4,36 млн насыя, дагы $2 млн грант түрүндө берилет. Каражат мектепке чейинки билим берүүнү…

Кененирээк

Быйыл өлкөдө Акыркы коңгуроо 29-майда кагылат

Агартуу министрлиги бүтүрүүчүлөрдөн жана ата-энелерден акча чогултууга тыюу салынганын эске салды. Ошондой эле мектептен тышкары кошумча иш-чараларды уюштурууга, фейерверк, жарылуучу же кооптуу техникалык каражаттарды колдонууга уруксат берилбейт. Адатта Акыркы коңгуроо 25-майда белгиленет, бирок бул жолу жазгы каникулдар узартылгандыктан жылды.

Кененирээк

Кара-Суудагы Медресе жана Таштак айылдарындагы мектептер кошумча имаратка муктаж

500 окучууга ылайыкташкан мектепте 2000ден ашуун бала 3 нөөмөт менен окуп жатышат. Бул тууралуу Кара-Суу районунун Датка айылынын депуттары эл өкүлү Улан Примов менен болгон жолугушууда билдиришкен. Депутат Улан Примов бүгүн, Жогорку Кеңештин жыйынында бул көйгөйдү эртелетип чечүүнү өтүндү. Анын айтымында, жергиликтүү калк көп жылдар бою мектеп жана бала-бакча үчүн жерди трансфармациядан өткөрүп, кошумча имараттын…

Кененирээк

Гүлчөдө селден улам өзгөчө кырдаал киргизилди

ӨКМ катуу жамгырдан улам аталган аймакта 92 үйдү жана 2 мектепти суу каптаганын билдирди. Кырсыктын кесепетин жоюуга жүздөгөн куткаруучу жана жергиликтүү тургундар тартылган. 27-апрель күнү аймакта сел жүрүп, 25 үйдүн короосун каптагандыгы айтылган.

Кененирээк

Ош шаарына эл аралык стандарттагы «Oxford» билим берүү мекемеси курулат

Ош шаарына эл аралык стандарттагы Oxford International School билим берүү мекемесинин жаңы филиалын куруу боюнча сүйлөшүү жүрдү. Жаңы мектеп 5 кабаттуу болуп, 850 окуучуга ылайыкталат. Белгилей кетсек, аталган мектеп окуучуларды эл аралык деңгээлдеги программалар — Cambridge IGCSE жана International Baccalaureate Diploma Programme программалары аркылуу окутат. Бул программалар бүтүрүүчүлөргө дүйнөнүн 140 окуу жайына экзаменсиз окууга тапшырууга…

Кененирээк

Президент Садыр Жапаров Араван районунда Э. Кебекбаев атындагы мектепти ачты

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 11-апрелде Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында Араван районунун Гүлбаар айылындагы №47 Эргеш Кебекбаев атындагы мектептин ачылыш аземине катышты. Мурда окуу жай 1980-жылы ашар ыкмасы менен курулган имаратта жайгашкан. 2024-жылы Өзгөчө кырдаалдар министрлиги имаратты авариялык абалда деп тааныган. Ошол эле жылы капиталдык салымдардын эсебинен 150 орунга ылайыкталган жаңы мектептин…

Кененирээк

Садыр Жапаров: Ош шаарында 10 мектептин пайдубалынын түптөлүшү жеке эле Ош шаары үчүн эмес, жалпы өлкөбүз үчүн чоң окуя

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 10-апрелде, Ош шаарында Турукташтыруу фондунун эсебинен 10 орто мектептин курулушун баштоо аземине катышты. Иш-чара Мамлекет башчысынын Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында өттү. Салтанаттуу аземди ачып жатып, Президент сөз сүйлөп, билим берүү тармагындагы бардык ийгиликтерди ар дайым колдой турганын белгиледи. “Кайсы гана өлкөнү албайлы, илим-билимдин аркасында гана өнүгүү жолуна…

Кененирээк

Бишкекте Россия-кыргыз мектебинин курулушунун жаңы этабы башталды

Иш-чарага минкаб төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, Россиянын элчиси Сергей Вакунов катышты. Вакунов Кыргызстанда тогуз орус тилдүү мектеп куруу долбоору кийинки баскычка өткөнүн эске салып, алгачкы объектилер, анын ичинде Бишкектеги бул билим жайы 2027-жылы пайдаланууга берилерин айтты. “Мектептер заманбап билим берүү мекемелери болуп, сапаттуу окутуу жана тарбия берүү үчүн бардык шарттар менен камсыздалат”, — деди…

Кененирээк