Эгин талааларына зыян келтирген мал ээлеринин жоопкерчилигин күчөткөн мыйзам долбоору четке кагылды

Бүгүн Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, жер казынасын пайдалануу, экология жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча комитетинин жыйынында «Эгинди тебелегендиги үчүн айыл чарба жаныбарларынын ээлеринин жоопкерчилигин күчөтүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору каралды.  Демилгечи – депутаттар Дастан Бекешев жана Азамжан Джалилов. Мыйзам долбоору жер пайдалануучулардын, фермерлердин укуктарын коргоо, малды кароосуз жайып…

Кененирээк

Балдардын жасалма сүт аралашмаларынын жана соскалардын жарнамасына толук тыюу салуу сунушталууда

Жогорку Кеңештин коомдук талкуусуна депутат Токтобүбү Ашымбаеванын мыйзам долбоору чыгарылды. Анда эне сүтүн алмаштыруучу аралашмалардын, бөтөлкөлөрдүн, соскалардын, эмизгичтердин жана ымыркайлар үчүн кошумча тамактардын жарнамасына толук тыюу салуу сунушталууда. Тыюу тикелей жарнамага гана эмес, окшош аталыш, таңгак, түс жана ураан аркылуу жүргүзүлгөн жашыруун жарнамага да тиешелүү болушу мүмкүн. Демилгечи мындай чараны балдардын туура эмес тамактануусу жана…

Кененирээк

Кыргызстанда митингдерди атайын белгиленген жайларда уюштуруу сунушталды

Кыргызстанда «Тынч жыйындар жөнүндө» мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Документ 12-мартта Жогорку Кеңештин сайтына жарыяланды. Сунушка ылайык, митингдер жана акциялар атайын белгиленген жерлерде гана өткөрүлүшү мүмкүн. Бул жерлерди жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары аныктайт. Жаңы өзгөртүүлөргө ылайык, митинг өтүүчү жерлерди жергиликтүү бийлик аныктайт жана катышуучулардын жүрүү багыттарын да бийлик белгилеши мүмкүн….

Кененирээк