Италияда кышкы Олимпиада оюндары жыйынтыкталды

Италияда өткөн 2026-жылкы кышкы Олимпиада оюндары расмий түрдө аяктады. Медалдык эсепте Норвегия курама командасы алдыга чыгып, жалпы 41 медаль жеңип алды. Норвегиялык спортчулар 18 алтын, 12 күмүш жана 11 коло медаль тагынып, жалпы командалык эсепте биринчи орунду ээледи. Экинчи орунду АКШ курама командасы камсыз кылды 🇺🇸 Алар 12 алтын, 12 күмүш жана 9 коло медаль…

Кененирээк

Бүгүн Италияда кышкы Олимпиада башталат

Милан жана Кортина-д Ампеццо шаарларында өтө турган Олимп оюндары 22-февралга чейин уланып, ага 92 улуттук командадан 2 миң 900дөн ашык спортчу катышат. Кыргызстандан эки спортчу — Тимур Шакиров тоо лыжасы, Артур Сапарбеков лыжа жарышы боюнча ат салышат. 25-Кышкы Олимпиадага болжол менен 2 млн күйөрман келет деп күтүлүүдө.

Кененирээк

Кышкы олимпиадага Кыргызстандан 2 спортчу катышат

2026-жылы Италияда өтө турган XXV Кышкы Олимпиада оюндарында Кыргызстан атынан эки спортчу катышат. Улуттук курама команданын курамына: Лыжа жарыштары Италиянын Валь-ди-Фьемме шаарында өтөт. Артур Сапарбеков классикалык стилдеги спринтке, 10 км эркин стилдеги жарышка катышат. Тимур Шакиров гиганттык слалом жана слалом боюнча күч сынашат. Мелдештер Бормио тоо-лыжа курортунда өтөт. Кышкы Олимпиада — 6–22-февраль, Кышкы Паралимпиада —…

Кененирээк

Ош шаарында Кыргызстандын дзюдо боюнча чемпионаты өтөт

Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, иш-чара 23-25-январь күндөрү уюштурулат. Анын алкагында 2026-жылга карата Кыргызстандын эркектер жана кыз-келиндер арасындагы улуттук курама команданын курамы аныкталат. Чемпионат Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясы жана Дзюдо федерациясы тарабынан уюштурулууда.

Кененирээк