Каржы министрлиги «Электрондук аудитке» өттү: текшерүүлөр аралыктан жана автоматтык түрдө жүргүзүлөт

Каржы министрлиги «Электрондук аудит» аттуу жаңы санариптик системаны ишке киргизди. Министрликтин өзүнүн IT-адистери иштеп чыккан платформа 1-апрелден тарта пилоттук режимде иштеп жатат. Эгер мурда аудиторлор текшериле турган мекемелерге өздөрү барып, убакыт менен кошумча чыгым талап кылынса, эми каржылык көзөмөлдүн негизги бөлүгү аралыктан жүргүзүлөт. Жаңы система тобокелдиктерди талдоонун негизинде кайсы уюм текшерилерин өзү аныктайт, маалыматтарды бухгалтердик…

Кененирээк

УКМК башчысы: Ишкерлерди текшерүүлөр токтотулду жана кадрдык тазалоо жүрүп жатат

Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Жумгалбек Шабданбеков ЖМКларга берген маегинде агенттиктин реформасы, иштөөнүн мыйзамдуу ыкмаларына өтүү жана коррупцияга каршы күрөштү күчөтүү тууралуу билдирди. Анын айтымында, негизсиз бизнес текшерүүлөрү 2026-жылдын январынан тартып токтотулат. Агенттик мыйзамсыз ишмердүүлүктү катуу токтотуу менен бирге ишкерлер менен өнөктөштүк мамилелерди түзүүнү көздөйт. Шабданбеков ошондой эле ички тазалоолор болуп жатканын жарыялады: жети кызматкер жумуштан…

Кененирээк

Ошто текшерүүдөн кийин отуздан ашуун күрөөкана жабылды

Ош шаарынын жана Ош облусунун аймагында күрөөканалар текшериле баштады. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. Рейддин алкагында өлкө мыйзамдарында белгиленген пайыздык чендердин жогорулатылган учурлары аныкталып, алар боюнча ыйгарым укуктуу органдар тарабынан административдик айыптар салынды. Андан тышкары, 30дан ашык күрөөкананын ишмердүүлүгү токтотулуп, тиешелүү текшерүү иштери дайындалды.

Кененирээк