Кыргызстандын хоккейчилери макаолук атаандаштарын жеңип алды
Кыргызстандын хоккей боюнча өспүрүмдөр командасы макаолук атаандаштарын чаңында калтырды. Эсеп 15:0 эсеби менен жыйынтыкталды. Оюн Бишкекте Азия кубогунун экинчи турунун алкагында (18 жашка чейинкилер арасында) өттү. Кечээ биздин хоккейчилер өзбекстандык атаандаштарына утулган болчу. Эми алдыда Индия, Индонезия жана Монголиядан келген балдар менен күч сынашат.


