Бишкекте самокаттардын ылдамдыгына чек коюлду

Мэриянын жаңы чечимдерине ылайык, самокаттардын ылдамдыгы 15 км/сааттан ашпайт; Атайын токтотуучу жайлар (сары белгилер) киргизилет; Туура эмес токтотулган самокаттар 3 сааттан кийин эвакуацияланат; Үчүнчү тарапка милдеттүү камсыздандыруу талап кылынат. Шаарда 64 чакырым веложол бар, инфраструктураны өнүктүрүү уланат. Кикшеринг кызматтарына көзөмөлдү күчөтүү тапшырылды. “Бишкек шаарынын мэриясы борбор калаанын тургундарын жана конокторун коопсуздук эрежелерин сактоого жана жол…

Кененирээк

Өлкөдө батирлерге чет өлкөлүктөрдү каттоонун санына чектөө киргизүү көздөлүүдө

Кыргызстанда чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды каттоо эрежелерин өзгөртүү сунушталууда. Министрлер кабинетинин долбоору коомдук талкууга чыгарылып, турак жайларда чет өлкөлүктөрдү жайгаштырууга чектөө киргизүүнү камтыйт. Долбоорго ылайык, бир адамга кеминде 12 чарчы метр аянт туура келиши керек жана жакын туугандардан тышкары жалпы катталгандардын саны 10 адамдан ашпоого тийиш. Мындан тышкары, каттоону санарип форматка өткөрүү,…

Кененирээк

Муфтият Жакынкы Чыгыштагы кырдаалга байланыштуу умра сапарына убактылуу чектөө киргизүүнү пландап жатат

Муфтиятта өткөн жыйында коопсуздук маселеси талкууланып, ага Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңеши, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги, Дин иштери боюнча мамлекеттик агенттик, Кыргыз Республикасынын Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги, ошондой эле авиакомпаниялар жана туристтик фирмалардын өкүлдөрү катышты. Муфтий Абдулазиз Закиров дүйнөдөгү учурдагы кырдаал жарандардын коопсуздугуна коркунуч жаратышы мүмкүн экенин белгиледи. Жыйындын жыйынтыгында кырдаал турукташканга чейин Кыргызстандын жарандарын…

Кененирээк