Туризмден түшкөн киреше 1 млрд доллардан ашты
Статком бул былтыркы жылдын көрсөткүчү экенин, ал мурдагы жылдагыдан 8,1%га жогору экенин билдирди. Маалыматка ылайык, туризм экономикадагы маанилүү тармактардын бири болуп, ИДПдагы үлүшү 3,8%ды түздү. Жалпы кошумча нарк 74,4 млрд сомго жеткен. Учурда тармакта 129 миңге жакын чарба субъектилери иштеп, жумуш орун түзүүгө жана региондордун өнүгүшүнө салым кошууда.


