Дагестанда жана Чеченстанда чукул кырдаал режими киргизилди

Дагестанда жана Чеченстанда суу ташкындан улам федералдык деңгээлдеги чукул кырдаал жарыяланды. Бул тууралуу Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин башчысы Александр Куренков Махачкаладагы өкмөттүк комиссиянын жыйынында билдирди. Суу ташкыны март айынын аягында, апрелдин башындагы нөшөр жаандан улам башталган. Өзгөчө оор абал Дагестанда. Республика 28-мартта жана 4-апрелде эки жолу суу ташкынын башынан өткөрдү, экинчи толкун кыйла кыйратып кетти….

Кененирээк

Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев кызматтан алынды

Урматбек Шамырканов өзгөчө кырдаалдар министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министринин кызмат ордуна дайындоо үчүн Шамырканов Урматбек Муслиновичтин талапкерлиги Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине макулдашуу үчүн киргизилет.

Кененирээк

Калың кардан улам Чаткалда өзгөчө кырдаал жарыяланды

Аймакка жааган 1,5 метр кардан улам жолдор жабылып, эл түйшүккө кабылып жатканы айтылууда . Районго барчу жолго улам кар көчкү түшүп, атайын техникалар улам жолду тазалап жатат. Буга байланыштуу кечээ, 12-февралда, районго 2-даражадагы өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Ошондой эле катаал аба ырайына байланыштуу мектептер онлайн окууга өткөрүлгөн.

Кененирээк

АКШдагы бороон жашоо-шартты катаалдаштарды

АКШда катуу бороон, кар жана суук аба ырайынан улам 24 штатта өзгөчө кырдаал режими жарыяланды. Чыгыш аймактарда транспорт системасы дээрлик токтоп калды.  Табигый кырсыктын кесепетинен 1 миллионго жакын тургун электр жарыксыз отурат. Көптөгөн жолдор жабылып, коомдук транспорт иштебей калды.  Жекшемби күнү аба ырайына байланыштуу 10 миңден ашуун авиакаттам токтотулуп, дагы 900дөн ашыгы кечиктирилди. Аэропорттордо миңдеген…

Кененирээк