Кыргыз-Кытай чек арасы убактылуу жабылат

УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришкендей, «Эркечтам» өткөрмө бекети 15-февраль кечки саат 8ден 19-февралга чейин, «Торугарт» көзөмөл-өткөрүү пункту 17-февралдан 20-февралга чейин жабык болот. Бул убакыт аралыгында адамдар, транспорт каражаттары жана жүк өткөрүлбөйт. Мунун себеби Кытайда Жаз майрамын белгилөөгө байланыштуу.

Кененирээк