admin

Кар көчкү түшүү коркунучу жогору

Кыргызстандын тоолуу аймактарында кар көчкү түшүү коркунучу жогору. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, 20-февралда күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, ошондой эле ашууларда кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Эске салсак, катаал аба-ырайына байланыштуу, Каракол – Эңилчек унаа жолуна кар көчкү түшүп, каттам жабылган. Буга…

Кененирээк

Улан Примов Улуу Британиянын элчиси менен жолугушту

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагасы Улан Примов Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчиси Николас Боулер менен жолугушту.Парламенттен билдиришкендей, жолугушууга Жогорку Кеңештин Улуу Британия Бириккен Падышалыгы жана Түндүк Ирландия, Ирландия менен кызматташтык боюнча депутаттык достук тобунун жетекчиси Жанарбек Акаев да катышты.Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки өлкөнүн кызматташтыгындагы актуалдуу маселелерди талкуулашты. Мындан сырткары…

Кененирээк

Камчыбек Ташиев: биз футболдук өлкө болобуз

Кыргыз футбол союзунун жетекчиси болуп Камчыбек Ташиев шайланды. Бүгүн, 19-февралда Кыргыз футбол союзунун президентин шайлоо өттү. Ага жалгыз талапкер катары Камчыбек Ташиев сунушталган.Жыйында Кыргыз футбол союзунун президентин шайлоо добуш берүү менен ачык өттү. Ташиев бир добуш менен футбол союзунун президенти болуп шайланды. Аткаруу комитети да шайланып, алар 2026-жылдын апрель айына чейин иштешет.Ташиев жетекчилик кызматта кандай…

Кененирээк

Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын дагы 1,11 чакырымы макулдашылды

Жетишилген макулдашууга ылайык, 2024-жылдын 11-февралынан 18-февралына чейин Тажикстан Республикасынын Согди облусунун Бустон шаарында Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын ортосундагы Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегацияларынын укуктук маселелер жана топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жыйыны болуп өттү. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар чечиле элек аймактарда биргелешкен изилдөө иштерин жүргүзүп, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын 1,11 чакырымы…

Кененирээк

Дени сак жашоого миңдин бири болгон азыктар

1.Деңиз азыктары Деңиз азыктарынын крамында жаратылыштын табигый белоктору көп. Ошондой эле адамдын организмин витаминдерге байытуу менен жакшы сиңет. Мээнин иштөөсүн жакшыртат. Деңиз азыктарын көп колдонгон адамдар депрессияга,стресске аз кабылышат. 2.Жумуртка Ашказан жарасынын, панкреатиттин жана нерв системасынын бузулуусунун алдын алат. Бирок жумуртка көп жегенге болбойт. Жумасына 4-6 даана жумуртка жетиштүү. 3.Мөмө-жемиштер Ар кандай мөмө организмдеги картаюу…

Кененирээк

Семирип кетүүнүн эң жөнөкөй себептери

Тынчсыздануу семирүүнүн негизги тенденцияларынан болуп саналат. Бул тууралуу гастроэнтеролог, дарыгер Екатерина Килипко «Известия» басылмасына берген маегинде билдирди. Анын айтымында нормалдуу салмакты сактоо үчүн физикалык активдүүлүк эмес, туура тамактануу маанилүү. Ал эми семирүүнүн күчөшүнө үч негизги фактор себеп: «Биринчиден, тынчсыздануунун көп болгону. Айрым адамдар өз эмоцияларын жана стресстерин тамаксыз көтөрө албайт. Илимий маалыматтарга караганда, адамдарда 60%…

Кененирээк

Дыйкандарды колдоо үчүн 1 млрд. сом кепилдик берилди

Дыйкандарды колдоо үчүн 1 миллиард сомдон ашык кепилдик берилди. Бул тууралуу Кепилдик фондунан билдиришти. Белгиленгендей, айыл чарбасы «Кепилдик фонду» ААКтын ишмердигинде артыкчылыктуу багыт бойдон калууда. 2023-жылы айыл чарбасын жана айыл чарба продукциясын кайра иштетүүнү колдоо боюнча кепилдиктердин саны 2910го жетип, жалпы сандын 61,4%ын түздү – 4736. Жогорудагы тармактарды колдоо боюнча кепилдиктердин суммасы 1 млрд 51…

Кененирээк

Кыргызстандын хоккей боюнча курама командасы Дүйнө чемпионатына катышат

Кыргызстандын хоккей боюнча жаштар курама командасы Дүйнө чемпионатына катышат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаменти билдирет. Биринчилик Болгариянын София шаарында 21-29-январь күндөрү өтөт. Курама командада жалпысынын 20 оюнчу 1 дарыгер барат. Курама команданын башкы машыктыруучу Кузьма Терентьев жана улук машыктыруучу Уран Турсунбековдун жетекчилиги алдында мелдешке катышат. Кабарчы: Алтынай Гапарова

Кененирээк

Шектенип, кооптонуулар көп болот… Депрессиядан чыгуунун 6 эрежеси

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматына ылайык, жыл сайын 300 миллион адам клиникалык депрессиядан жабыркайт. Бул тууралуу Орусиянын «Медскан» ден соолукту чыңдоо борборунун маалымат сайты жазып чыкты. Кайсы өлкөгө жана маданиятка карабастан, бул оору дүйнө элдерине бирдей тараган. Ар бир адам жашоосунда жок дегенде бир жолу болсо да депрессияга туш болот. Депрессия — бул адамдын…

Кененирээк

Ысык-Көл облусуна күндөн энергия алуучу станция курулат

Ысык-Көл облусунун Тору-Айгыр айылындагы күндөн энергия алуучу станциянын курулушу ушул жылдын март айында башталат. Энергетика министри Таалайбек Ибраев билдиргендей, анын кубаттуулугу 300 МВттан кем эмес болот. Маалыматка ылайык, учурда инженердик-геодезиялык изилдөө бүткөрүлдү, толугу менен архитектура, шаар куруу корутундусу алынды.Долбоорго салына турган инвестициянын суммасы 250-300 млн доллардын тегерегинде болот. Кабарчы — Алтынай Гапарова

Кененирээк