Сымбат Абдакимова

Документ таап алсаңыз соцтармакка чыгарууга ашыкпаңыз! Министрлик эскертет

Санариптик өнүктүрүү министрлиги жоголгон документти соцтармак аркылуу жайылтуу документ ээлеринин жеке маалыматтарынын купуялуулугун бузууга алып келээрин билдирди. Документ таап алган жаранды ээлерине кайтарып берүү үчүн соцтармакка эмес Калкты тейлөө борборуна жана паспорт бөлүмдөрүнө өткөрүп берүүгө чакырды.Жоголгон документтерди издөө порталда жана “Түндүк” тиркемесинде “Табылгалар бюросунан маалымат алуу” бөлүмүндө жеткиликтүү.Статистикалык маалыматтарга таянсак 2023-жылдын 11 айында 911 документ…

Кененирээк

Курултай боюнча ИИМге 50дөн ашык кайрылуу түштү

Эки күнгө созулган Элдик Курултайда Ички иштер министрлигине делегаттар тарабынан 50дөн ашык кайрылуу түшкөн. Анын ичинен 19у сунуш, 3өө ыраазычылык экендиги айтылды. Калганы милициянын күнүмдүк иши, тергелип жаткан кылмыш иштери жана кылмыштардын алдын алуу маселелери боюнча кайрылуулар болгондугун мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Ички иштер министрлигинин башчысы келип түшкөн бардык арыздарды жана кайрылууларды жеринде тиешелүү…

Кененирээк

Садыр Жапаров: спикер Шакиев айткан тууга «демөөрчү» менмин

Президент Садыр Жапаров Бишкекте өтүп жаткан Элдик курултайда тууну өзгөртүү демилгеси ага таандык экенин билдирди. Ошондой эле курултайдын делегаттарынан аталган маселе боюнча колдоп берүүнү суранды.Белгилүү болгондой, Элдик курултайдын биринчи да, экинчи күнүндө да делегаттар эл тууну өзгөртүүгө каршы экенин айтып, тууну өзгөртпөө маселесин көтөрүшкөн. «Мен борборду көчүрөм, бир шаар салам деп суранган жокмун. Желекти оңдогонго…

Кененирээк

Чет өлкөдөгү мигранттарга да ипотекалык үй куруу жолу каралууда

Чет өлкөдөгү мигранттарга да ипотекалык үй куруу жолу иштелип чыгып, министрлер кабинетине кароого жөнөтүлдү. Алар бекитип берсе мигранттар да ипотекалык турак-жай алууга ээ болушат. Бул тууралуу Мамлекетттик ипотекалык компаниянын басма сөз катчысы Жылдыз Бекбаева билдирди.Маалыматка ылайык, ипотекалык компания иштеп баштагандан тарта 9 миңге жакын жарандар турак-жайлуу болушкан. Быйылкы жылы үйлөрдүн курулуш иштери бүтө электигине байланыштуу…

Кененирээк

Бүгүн “Ала-Тоо” аянты унааларга жабылат

Бүгүн Чүй проспектисинин «Ала-Тоо» аянтындагы бөлүгү убактылуу жабылат. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынан билдиришти.Жол жаңы-жылдык балатынын жандырылышына байланыштуу 18:00дон тарта жабылып, иш чара аяктаганда кайра ачылат. Бишкек мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим суроо менен айдоочуларды алдын ала альтернативдүү жолдорду тандап алууга чакырат.

Кененирээк

Садыр Жапаров: салык өлкөнүн өнүгүүсүнө болгон салым

Президент Садыр Жапаров Бишкекте өтүп жаткан экинчи Элдик Курултайда салык маселесине токтолуп, жалпы кыргызстандыкатрды салыктарды милдеттенме жана мажбурлоо катары эмес, өлкөнүн өнүгүшүнө болгон маанилүү салым катары кароого чакырды. «Акыркы окуялардын негизинде Кыргызстандын бардык жарандары үчүн салык төлөөнүн маанилүүлүгүн дагы бир жолу белгилеп кетким келет. Көмүскө экономиканын анча-мынча бөлүгүн ачыктоонун аркасында биз пенсияларды, жөлөкпулдарды, эмгек акыларды…

Кененирээк

Бишкекте экинчи Элдик курултай өтүүдө

Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда президент Садыр Жапаровдун катышуусунда экинчи Элдик курултай башталды. Ага өлкөнүн бардык облустарынан жана аймактарынан 700 делегат катышууда. Ошондой эле Жогорку Кеңештин депутаттары, министрлер кабинетинин мүчөлөрү жана өлкөнүн мамлекеттик органдарынын жетекчилери бар. Иш-чара эки күнгө — 15-16-декабрга созулат. Курултайдын максаты — мамлекет башчысынын эл менен түз байланышуусу, анда белгиленген аймактардан…

Кененирээк

Уулбү Каныбекова: журналист болсом дагы дээримдеги талантым тартып турат

Ош шаарынын тургуну Уулбү Каныбекова 33 жашта. Ал үч баланы татыктуу тарбиялоо менен бирге үйдө отуруп экологиялык оюнчуктарды токуйт. Каарманыбыз жаштайынан кол өнөрчүлүккө кызыгып, арзып сүйгөн жумушуна айланган. Мындан сырткары кыргыз баштыктарды да тигип, кирешеге чыккан. Келечекте экологиялык, сапаттуу брендди өнүктүрсөм дейт. Декреттик өргүүгө чыгып, жаңы хобби жараттым…— Мен кесибим боюнча журналистмин, 14 жыл газета…

Кененирээк

Жаңы 200, 500 жана 1000 сомдуктар «Жылдын банкнотасы» сынагынын лауреаты болду

Улуттук валютанын 200, 500 жана 1000 сом номиналындагы банкнотторунун 5- сериясы «Жылдын банкноту» аймактык маанилүү сынакта «2023-жылдын банкнотторунун эң мыкты жаңы сериясы» номинациясынын лауреаты болду. Бул тууралуу Улуттук банктан кабарлашты. Эске сала кетсек бул номиналдагы банкноттор жүгүртүүгө үзтүбүздөгү жылдын 10-майында чыккан.Жылдын мыкты аймактык банкнотуна сынак 2023-жылдын 4-6-декабрында Шри-Ланканын Коломбо шаарында «High Security Printing Asia» жогорку…

Кененирээк

Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу автожолу жабылды

Мырза-Аке—Кара-Кулжа—Алайкуу унаа жолуна 16000 м3 кар көчкү түшүп, жол каттамы эки тараптуу жабылды. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлиги маалымдады.Унаа жолду кар көчкүдөн тазалоо үчүн 2 жүктөгүч, 2 бульдозер, 1 манипулятор тартылган. Учурда унаа жолду толук тазалоо иштери жүргүзүлүүдө. Жабыркагандар жок.

Кененирээк