Президент кыргыз-тажик чек ара маселеси жазда чечилээрин билдирди
Кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо иштери 2024-жылдын жазында аяктайт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Баткен районунун Капчыгай айылында болгон жолугушууда билдирди.Айтымында, Тажикстан менен чек арага жаңы жылга чейин чекит коюу пландалган. «Чек араны чечип жатабыз, сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Аяктап калдык, жаңы жылга чейин бүтөлү дедик эле, кичине созулуп жатат. Эми жазында бүтөт окшойт», — деди Садыр…

