Бишкекте эртеңден тарта №145, №169 автобустар ишке кирет
Бишкек шаарында, 1-февралдан тарта №145 жана №169 жаңы автобус каттамдары ишке кирет.Муниципалитеттен билдиришкендей, буга чейин бул каттамдарда маршруткалар иштеп келген. Эми анын ордуна ушундай номерлүү автобустар жүрө баштайт. Аларды «Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасы» тейлейт.№145 автобус Көк-Жар конушунан Маевка айылына чейин каттайт. Узундугу 33 чакырым, автобустардын аралыгы 6-8 мүнөт. Бул линияга 14 автобус чыгат.№169 автобус Ак-Ордо…

