Нарында булгаарыны, тыбытты кайра иштетүү ишканасын ачуу пландалууда

Нарын облусунда булгаарыны жана тыбытты кайра иштетүү ишканасын ачууну пландалууда. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Бакыт Төрөбаев Жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнө жазгы талаа жумуштарынын башталышы тууралуу маалымат жыйынын өткөрүп жатып билдирди. МинКаб Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаевдин айтымында буга чейин чийки заттын 10% гана кайра иштетилип келген. Мындан…

Кененирээк

Имандос Бектенов Дүйнө кубогунда алтын медалга ээ болду

Ок атуу спорту боюнча улуттук курама команданын мүчөсү Имандос Бектенов Дүйнө кубогунда алтын медалга ээ болду. Спортчу ПП-60 версиясы боюнча катышып, жалпы 572 упай чогулткан. Белгилей кетсек, ок атуу спорту боюнча Дүйнө кубогу жаштар жана чоңдор арасында Испания өлкөсүнүн Гранаде шаарында өтүп жатат. Ага 48 өлкөдөн келген жалпы 400 спортчу катышууда. 10-февраль күнү башталган мелдеш…

Кененирээк

50 миң га кунарсыз жайытка үрөн себилет

Кыргызстанда быйыл 50 миң гектар кунарсыз жерге жаңы жайыт үрөндөрүн себүү пландалууда. Бул тууралуу Бишкекте өткөн маалымат жыйында министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Бакыт Төрөбаев билдирди.Анын айтымына караганда, үрөн сатып алуу үчүн 60 млн сомго тендер жарыяланды.Министрлик тарабынан 2023-жылы дээрлик 100 тонна үрөн сатып…

Кененирээк

Бишкекте Бириккен Араб Эмирлигинин элчилигин ачуу пландалууда

Бишкекте Бириккен Араб Эмираттарынын элчилигин ачуу пландалууда. Президенттин маалымат кызматынан кабарлашкандай, бул маселе Садыр Жапаров менен аталган мамлекеттин энергетика жана инфраструктура министри Сухэйл Аль-Мазруинин жолугушуусунда талкууланды. Тараптардын жолугушуусу Дүйнөлүк өкмөттөр саммитинин алкагында Дубайда өттү. Анын жүрүшүндө эки тараптуу кызматташууну мындан ары кеңейтүү, дипломатиялык, соода-экономикалык байланыштарды чыңдоо, биргелешкен инфраструктуралык жана энергетикалык долбоорлорду ишке ашыруу маселелери боюнча…

Кененирээк

Улуттук банк жаңы банкнотторду жүгүртүүгө чыгарды

Кыргызстанда бүгүнтөн тарта 20, 50 жана 100 сом номиналындагы жаңы банкнотторду жүгүртүүгө киргизди. Бул тууралуу «Кабар» агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Улуттук банктын өкүлү Мелс Аттокуров билдирди. Анын айтымында, жаңы сериядагы банкноттордун негизги сюжеттеринин багыты – Кыргызстандын тарыхый-маданий мурасын чагылдыруу – өзгөртүүсүз калтырылды. Алдыңкы бетинде искусство жана маданият өкүлдөрүнүн портреттери сакталды, ал эми арткы бетинде республиканын…

Кененирээк

Эмгек министрлиги электрондук документ жүгүртүүгө өттү

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги толугу менен электрондук документ жүгүртүүгө өттү. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирет. Ведомство электрондук документ жүгүртүүгө өтүү бардык процесстер жана милдеттер электрондук документ жүгүртүүнүн мамлекеттик системасы (ЭДМС) аркылуу ишке ашырылышын билдирет. «Бул система мамлекеттик органдарда, жергиликтүү администрацияларда, мамлекеттик ишканаларда жана мекемелерде документтерди алмашууну автоматташтыруу, бардык документтерди электрондук форматка…

Кененирээк

Синоптиктер чукул билдирүү таратты

Синоптиктердин маалыматына таянсак, 16-февраль күндүз жана 17-18-февраль күндөрү аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт. 16-февралда күндүз жана 17-февралда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда, 17-февралда күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас облустарынын айрым жерлеринде мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт. 18-февралда Ош, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Жалал-Абад, Нарын облустарынын айрым жерлеринде мезгил-мезгили менен кар жаап,…

Кененирээк

Жаш тергөөчүлөргө практикалык окутуулар өткөрүлдү

Ош облустук ички иштер башкармалыгынын Тергөө кызматынын көзөмөл методикалык бөлүмү райондук ички иштер бөлүмдөрүндө кызмат өтөгөн жаш тергөөчүлөрдүн кесиптик чеберчилигин жогорулатуу максатында практикалык окутууларды өткөрүүдө. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы кабарлады. 2024-жылдын 13-февраль күнү Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөө кызматынын кызматкерлерине окуя болгон жерге кароо жүргүзүү, алгачкы текшерүү иштерин сапаттуу…

Кененирээк

Суучул Денис Петрашов Дохадагы Дүйнө чемпионатынын жарым финалына чыкты

Кыргызстандык суучул Денис Петрашов Катарда өтуп жаткан спорттун сууда сүзүү түрү боюнча Дүйнө чемпионатынын жарым финалына чыкты. Бул тууралуу КРнын Сууда сүзүү федерациясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, кечээ 50 метрге брасс сүзүү боюнча жарыш жыйынтыкталып, Петрашов жарым финалга өттү.Спорттун суу түрү боюнча Дүйнө чемпионаты — 2024 Эл аралык сууда сүзүү федерациясынын колдоосу астында Дохада 2-февралдан 18-февралга…

Кененирээк

Ош: социалдык дарыканалардын саны алтыга жетти

Ош шаарында үй-бүлөлүк медицина борборунун № 2,3 филиалдарында социалдык дарыканалардын ачылышы болду. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан кабарлашты. Ачылыш аземге саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев катышып, калкты сапаттуу жана арзан дары-дармектер менен камсыз кылуу, баа саясатын туруктуу кармоо үчүн өлкө боюнча кошумча мамлекеттик дарыканаларды ачуу маанилүү экенин белгиледи. Белгилей кетсек, буга чейин Ош шаары аймагында…

Кененирээк