Курч вирустук гепатит менен оругандардын саны өстү
Кыргызстанда 2023-жылы курч вирустук гепатит менен ооругандардын саны өскөн. Бул тууралуу Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин маалыматтарында айтылат. Бул оорунун 2022-жылы 3119 учуру катталган, былтыр 9234 учур катталып, 2,9 эсе көп болду. Вирустук гепатиттин А түрү менен 2023-жылы 8973 бейтап катталды. Оору эң көп Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында жайылган. Ошондой эле жаңы аныкталган өнөкөт вирустук…


