Билим берүү министрлигин экиге бөлүү сунушталууда
Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев бала бакча менен мектептерди өзүнчө, жогорку окуу жайлары жана илим изилдөө тармагын өзүнчө тейлеген эки министрлик түзүүнү сунуштады. Мындай пикирин ал 20-мартта Улуттук илимдер академиясында сөз сүйлөп жатып айтты. «Билим берүү жана илим министрлиги бала бакчадан баштап, мектептерди, кесиптик лицейлерди, жогорку окуу жайларын, Улуттук илимдер академиясын жана башка билим берүү,…


