Бишкекте эртеңден тарта жаңы №146 каттам ишке кирет
Бишкекте эртең, 29-декабрдан тарта №146 муниципалдык автобустун жаңы каттамы ишке кирет. Жаңы каттамга 25 автобус чыгаруу пландалууда, ал эми кыймыл аралыгы 8-10 мүнөт болот. Муниципалитеттен билдиришкендей, каттамдын баштапкы аялдамасы — «Бишкек автобекети» мамлекеттик ишканасы, акыркы аялдамасы – Чоң-Арык айылы болмокчу.Автобустук каттам Аламүдүн жана Орто-Сай базарларын камтыйт. Эскерте кетсек, Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан айланма жол менен…


