Ош: көйгөйү көмүскөдө калган конуштар

Ош шаарынын аймагына караган Алай 1, Алай 2 конушунда 4000 ге жакын окуучу жарым сааттык жолду жөө басып, андан соң гана коомдук унаалар менен шаардагы мектептерге келип билим алышат. 4 мезгил жөө каттаган окуучулар үчүн кыш мезгилинде абал 2 эсе оорлошот. Бул көйгөй жылда көтөрүлгөнү менен мамлекет тарабынан эч кандай алгылыктуу кадамдар жасала электигин жергиликтүү…

Кененирээк

Жогорку Кеңештин комитетинин төрагасы Улан Примов Саха Республикасынын Мамлекеттик Жыйынынын төрагасынын биринчи орун басары менен жолугушту

Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагасы Улан Примов жана Жогорку Кеңештин депутаты Лейла Лурова Россия Федерациясынын Саха Республикасынын (Якутия) Мамлекеттик Жыйынынын төрагасынын биринчи орун басары Александр Жирков менен жолугушту. Жолугушууга Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппарат жетекчиси Алайбек Алымбаев да катышты.Жолугушуунун жүрүшүндө Улан Примов Александр Жирковго Кыргыз Республикасы менен Якутиянын…

Кененирээк

Тармактык комитеттин төрагасы Улан Примов АКШнын КР Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Лесли Вигери менен жолугушту

Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагасы Улан Примов Кыргызстандын парламенти Америка тарап менен кызматташтыкты өнүктүрүүгө өзгөчө маани берерин баса белгиледи. «Кыргыз-америка карым-катнашынын маанилүү элементи болуп парламенттер аралык кызматташтыкты өнүктүрүү саналат», — деп белгиледи Улан Примов. Ошондой эле, комитеттин төрагасы Кыргызстандын жарандарына виза берүү маселесине өзгөчө көңүл буруп, кыргызстандыктар бир катар кыйынчылыктарга…

Кененирээк

Окуучулар эки күн аралыктан окушат

Катуу сууктан улам Кыргызстандагы мектептер 13-14-декабрь күндөрү онлайн окуйт. Бул туурасында Билим берүү жана илим министрлигинен маалымдашты. Мекеме бул күндөрү бала-бакчалар да иштебей тургандыгын кошумчалады.

Кененирээк

Кытайдын Кыргызстандагы Элчилиги Ички иштер министрлигине техникалык жардам көрсөттү

Кытайдын Кыргыз Республикасындагы Элчилиги Ички иштер министрлигине техникалык жардам көрсөттү. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Анын алкагында бүгүн Ички иштер министри милициянын генерал-лейтенанты Улан Ниязбековдун Кытай Эл Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Ду Дэвень айым менен жолугушуусу болуп өттү. ИИМдин башчысы корсөтүлгөн жардам үчүн ыраазычылык билдирди. Жолугушуунун соңунда Улан…

Кененирээк

Сузактан жыл аягында бензин жана битум чыга баштайт

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда жыл аягына чейин бензин жана битум өндүрүү боюнча ишкана курулуп бүтөт. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлү Абсаттар Сыргабаев билдирди. Анын маалыматына ылайык, ишкана чет элдик инвесторлор тарабынан курулууда, долбоор үчүн Барпы айыл аймагынан 2 гектар жер бөлүнүп берилген. Ишкана АИ-92, АИ-95 үлгүсүндөгү бензин жана битум өндүрүп чыгарат. Белгиленгендей, ишкананын 2023-жылдын аягында…

Кененирээк

Кыргызстанда нотариустарда бүтүмдөр манжа издери менен жүргүзүлө баштайт

Жакын арада Кыргызстанда нотариустар аркылуу бардык маанилүү бүтүмдөр манжа издери менен жүргүзүлө баштайт. Бул тууралуу «Кабар» агенттигинде өткөн маалымат жыйынында юстиция министри Аяз Баетов билдирди.Анын айтымында, министрлик ушул жылдын аягына чейин жаңы тартип боюнча нотариустардын ишин даярдоону бүтүрүүнү пландоодо. «Нотариалдык иш-аракеттерди жасоо үчүн нотариустан манжа изин идентификациялоодон өтүп, бүтүмдү видеокамерага түшүрүү керек. Эми сиз тааныш…

Кененирээк

Президент кыргыз-тажик чек ара маселеси жазда чечилээрин билдирди

Кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо иштери 2024-жылдын жазында аяктайт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Баткен районунун Капчыгай айылында болгон жолугушууда билдирди.Айтымында, Тажикстан менен чек арага жаңы жылга чейин чекит коюу пландалган. «Чек араны чечип жатабыз, сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Аяктап калдык, жаңы жылга чейин бүтөлү дедик эле, кичине созулуп жатат. Эми жазында бүтөт окшойт», — деди Садыр…

Кененирээк

Германиядан келген грантка 3 төрөт үйү жана кургак учукка каршы оорукана курулат

Эл аралык иштер, коопсуздук, коргонуу жана миграция боюнча комитети 2023-жылдын 1-июнунда Бишкек шаарында кол коюлган КР Министрлер кабинети менен Германия Өкмөтүнүн ортосундагы Финансылык кызматташтык жөнүндө макулдашууну карады. Экономика жана коммерция министринин орун басары Санжар Болотов билдиргендей, 4млн 500миң евро гранттык каржатка Бишкек, Ош, Талас шаарларына бирден перинаталдык борборлорду, ошондой Бишкекке кургак учукка каршы оорукана куруу…

Кененирээк

Кыргызстанда ата мекендик брондолгон унаа чогултула баштады

Кыргызстандын курал-жарак жана аскердик техниканы оңдоочу борбордук базасында биринчи ата мекендик “ГАЗ-66М” брондолгон унааны чогултуу башталды. Бул тууралуу бүгүн маалымат жыйынында коргоо министри Бактыбек Бекболотов билдирди. “Курулушу эки жыл мурда башталган бул базанын иштеп кетишине көбү ишенген эмес. Ал эми бүгүнкү күндө база толук өндүрүштүк кубаттуулукка жетип, өлкөнүн өнүгүп келе жаткан биринчи аскердик-өнөр жай комплекси…

Кененирээк