Ош шаарында бир нече көчө жаңыланып, пайдаланууга берилди
Ош шаарындагы Төлөйкөн айыл аймактык башкармалыгында төрт көчө пайдаланууга берилди. Алар Карымов, Тешебаев, Аматбеков жана Туташов көчөлөрү. Аталган көчөлөрдө унаа кыймылы көп болгондуктан бир топ ыңгайсыздыктарды жаратып келген. Шаар башчысы Жеңишбек Токторбаев буга чейинки рейддик кыдырууларында маселени жеринен көрүп, дароо тапшырмаларды берген. Бүгүн аталган жол көйгөйүнө чекит коюлуп, шаар жетекчиси көчөлөрдү расмий түрдө ачып, унаа…

