Кыргызстан-Оман беттешин кувейттик калыс тейлейт
Азия Кубогунун эртеңки Кыргызстан — Оман беттешинде калыстар бригадасын кувейттик ФИФА калысы Ахмад Алали жетектейт. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзунан маалымдашты. Башкы калыска каптал сызыктарда анын мекендештери — Абдулхади Аланези жана Ахмад Абас жардам беришет. Адхам Мухаммад (Иордания) резервдик арбитр болуп дайындалган. Белгилей кетсек, Кыргызстан — Оман беттеши 25-январда Доха шаарындагы Абдулах бин Халиф стадионунда…


