«Ала-Тоо» журналы кайрадан жарык көрө баштады

Бул тууралуу президент Садыр Жапаров соцтүйүндөгү баракчасына жазды. Өлкө башчысы көп жыл чыкпай калган адабий журналдын жаңы басылган саны колуна тийгенин айтты. Ошондой эле окурмандарды журналга жазылууга чакырды. «Эми «Ала-Тоо» журналы кыргыз адабиятынын өнүгүшүнө эле салымын кошпостон, агартуучулук багытта да чоң миссияны аркалап, руханий жардылыктан арылтып, жан дүйнөнү байытат, аң-сезимди тазартат. Учурдан пайдаланып бул журналга…

Кененирээк

Кабмин жер тилкелерин берүү тартибин өзгөртүү маселесин карады

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кезектеги жыйынды өткөрдү. Жыйында айрым чечимдерди Кыргызстандын жаңы редакциядагы Жер кодексине ылайык келтирүү боюнча токтом долбоору каралды. Ага ылайык, мамлекеттик жана муниципалдык жерлерди берүү, ижарага алуу, пайдалануу жана жер кадастрын жүргүзүү тартиптерине өзгөртүүлөр киргизилет. Бул өзгөртүүлөр улуттук жана инвестициялык долбоорлор үчүн жер тилкелерин берүүнү жеңилдетүүгө багытталган. Ошондой эле жер берүү…

Кененирээк

Самокаттардын ылдамдыгын 15 км/саатка чейин түшүрүү сунушталды

Бишкекте самокаттардын ылдамдыгын 15 км/саатка чейин түшүрүп, эрежени бузган компаниялар жоопко тартылат. Учурда самокаттардын максималдуу ылдамдыгы 25 км/саат. Бул жөө адамдарга, өзгөчө балдарга, кары-картаңдарга жана мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга кооптуу экени белгиленген. Мындан улам анын ылдамдыгын 15 км/саатка чейин түшүрүү сунушталды. Ошондой эле самокаттарды ижарага берген компаниялар ылдамдык чектегичтерин өчүргөн же айланып өткөн учурда жоопкерчиликке тартылышы…

Кененирээк

Биринчи май райондук сотунда Камчыбек Ташиевдин иши каралууда

Буга чейин саясатчынын жактоочусу Ташиев бийликти күч менен басып алууга даярданууга жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланууга айыпталып жатканын билдирген. Ташиев өзү отурумга келген эмес. Сот жабык болгондуктан журналисттер киргизилген жок. Ташиев менен бирге дагы жети адам айыпталууда. Алардын арасында Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу, мурдагы башкы прокурор Курманкул Зулушев баштаган саясатчылар бар.

Кененирээк

Бишкекте 1250 сомго машина сатылат

Калаа мэриясы балансындагы автоунааларды сатыкка койду. Каалоочулар жеңил унаадан тарта автобус, жүк ташуучу транспортко чейин 1250 сомдон 30 миңге чейин сатып алса болот. Болгону оңдоп, жасап алышы керек. Аукцион 15-июнь саат 14:00дө башталат. Арыздар 10-июнга чейин кабыл алынт. Дареги: Чүй проспекти, 168. Суроолор боюнча 0312 979 195 (4220) номерине кайрылса болот.

Кененирээк

«Акыркы коңгуроо» иш-чарасына акча чогултууга тыюу салынат

Агартуу министрлиги билим берүү уюмдарында өткөрүлө турган «Акыркы коңгуроо» салтанатына бүтүрүүчүлөрдөн, ата-энелерден жана мыйзамдуу өкүлдөрдөн акча каражаттарын чогултууга тыюу салынарын эскертти. Мындан тышкары, мугалимдерге же мектеп администрациясына белек алуу үчүн каражат чогултуу, мектептен тышкаркы иш-чараларды уюштуруу, ата-энелерге материалдык басым көрсөтүү мыйзамсыз болуп эсептелет. Агартуу министрлиги мектеп жетекчилерин, мугалимдерди жана ата-энелерди мыйзам талаптарын так сактоого чакырат….

Кененирээк

Кыргызстанда мототехника сүйүүчүлөрүнө 20 миң сомго чейин айып пул салына баштады

Кыргызстанда эндуро жана мототехника менен жайыттарга, ошондой эле өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарына уруксатсыз чыгуу учурлары көбөйдү. Жаратылыш ресурстары министрлиги мындай хобби өлкөнүн уникалдуу экотутумуна зыян келтирбеши керектигин белгиледи. Адистердин айтымында, жолсуз жерлерде жүрүү кыртыштын катмарын бузуп, малдын жайылышына тоскоолдук кылат жана жапайы жаныбарлардын жашоо чөйрөсүнө зыян тийгизет. Тоолордо жана көл жээктеринде мотоциклдердин жүрүшү топурактын эрозиясын…

Кененирээк

Бүгүн айрым аймактарда жаан-чачын күтүлөт

18-майда Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын айрым райондорунда кыска мөөнөттүү жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. Жаан-чачын Чүй менен Талас облустарынын тоолуу райондорунда да болушу мүмкүн. Ошол эле учурда Чүй жана Талас облустарынын дыйканчылык аймактарында жаан күтүлбөйт. Эң жогорку температура түштүк аймактарда сакталып, күндүз аба 35°C чейин ысыйт. 🔶 Чүй облусу: түнкүсүн 9…14°C, күндүз…

Кененирээк

Эми жарандар тынчтыкты бузуу фактысы боюнча акт түзө алышат

Президент Садыр Жапаров жарандардын ден соолугун ызы-чуунун таасиринен коргоого багытталган мыйзамга кол койду. Документ Укук бузуулар жөнүндө кодекске, ошондой эле «Укук бузуулардын алдын алуунун негиздери жөнүндө» жана «Тынчтык жөнүндө» мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизет. Эми жарандар, коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдар тынчтыкты бузуу фактысы боюнча акт түзө алышат. Мындай акт фото же видео жазуулар менен кошо протокол…

Кененирээк

Молдовановкадагы абакта энелер күнүнө карата иш-чара өттү

№27 түзөтүү мекемесинде энелер күнүн утурлай жаза өтөп жаткандар апалары менен жолукту. Энелерге мекеменин ички тартиби жана шарттары көрсөтүлдү. Ошондой эле иш-чара концерттик программа менен коштолуп, үй-бүлөлүк баалуулуктардын орду белгиленди.

Кененирээк