1-класстын окуучулары үчүн кышкы каникул 24-декабрда башталат

Келе жаткан дүйшөмбүдөн тарта бардык 1-класстын окуучулары үчүн кышкы каникул башталат. Бул туралуу агартуу министрлиги маалымдады. Агартуу министрлигинин маалыматына ылайык, алты жаштагы балдардын окуудан эс алуусу 24-декабрдан 18-январга чейин пландалган. Калган окуучулар каникулдун жалпы графиги боюнча — 31-декабрдан 11-январга чейин эс алышат. Сабактар 12-январда кайра башталат.

Кененирээк

«Балдардын жаңы жылдык майрамдары чектелбейт»

Балдардын жаңы жылдык майрамдарын чектөөгө болбойт. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев билдирди. Минкаб төрагасы белгилегендей, жаңы жылдык корпоративдерге коюлган чектөө мамлекеттик органдарга гана тиешелүү. “Айрым жетекчилер бул чектөөнү туура эмес түшүнүп, балдарга арналган жаңы жылдык иш-чараларды да өткөрбөгүлө деп жатышыптыр. Белгилей кетейин, жаңы жылдык корпоративдерге коюлган чектөө мамлекеттик органдарга гана тиешелүү.Балдардын жаңы жылдык…

Кененирээк

«Этиканын талаптарын сактаган жок»: Илим жана жогорку билим берүү министри кызматынан бошотулду

Бактияр Орозов илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри кызматынан бошотулду. Тиешелүү жарлыкка өлкө башчы Садыр Жапаров кол койду. Президенттин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, ал мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын этикасынын ченемдеринин талаптарын сактабагандыгына байланыштуу кызматтан алынган. Бирок, сөз министрдин кайсы аракети жөнүндө экени айтылган эмес.Мындан көп өтпөй соцтармактарда Орозов алкоголдук ичимдик ичип алып унаа…

Кененирээк

Күч түзүмдөрүнүн генералдары сыйланды

15-декабрда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев атайын кызматтын башкы кеңсесинде күч түзүмдөрүнүн 60 генералы менен жолугушту.Мындай жолугушуу өлкө тарыхында биринчи жолу болгону белгиленди. Генералдарды төрагасы чай үстүндө кабыл алып, пикир алышты. «Бүгүн, өлкө башчыбыз С.Жапаровдун тапшырмасы менен сиздерге жөн гана сый көрсөтүп коелу дегенбиз. Өлкө тарыхында мындай жолугушуу биринчи жолу болуп жатат. Бул…

Кененирээк

Алманбет Шыкмаматовго жогорку атайын наам ыйгарылды

Министрлер кабинетине караштуу мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматовго жогорку атайын наам ыйгарылды. Бул тууралуу ведомстводон маалымдашты. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол коюп, ага ылайык Салык кызматынын төрагасы Шыкмаматов Алмамбет Насыркановичке «Салык кызматынын 2-рангдагы мамлекеттик кеңешчиси » жогорку атайын наамы ыйгарылды.

Кененирээк

2026-жылдагы эс алуу күндөрү белгилүү болду

Эмгек министрлиги 2026-жылга карата өндүрүштүк календарды бекитти. Ага ылайык, Кыргызстанда 1-7-январда жана 1-10-майда узак эс алуу болот. Андан тышкары, 8-март аялдардын эл аралык күнү, 21-март Нооруз жана 31-август Эгемендүүлүк майрамы да иш күндөрү эмес. Буларга Орозо жана Курман айт кошулат. Ал эми 20-март, 30-апрель жана 31-декабрь кыскартылган иш күн болот.

Кененирээк

6000ден ашык оорулуу баланы сактап калган. Мэри Тереза (Мать Тереза) тууралуу кызыктуу фактылар

1. Анын чыныгы аты — Агнес Гонжа Бояджиу. Ал 1910-жылы Скопьеде албан үй-бүлөдө төрөлгөн. «Гонжа» сөзү «баштап келе жаткан гүл» дегенди билдирет. 2. 18 жашында үй-бүлөсүнөн түбөлүккө кетип, диний жашоону тандаган. Ал ата-энесине: «Мен дүйнөгө кызмат кылам» деп коштошуп, кайра артка кайрылган эмес. 3. Индияга жөнөп кетүүсү — анын жашоосунун бурулуш учуру. Алгач мектепте мугалим…

Кененирээк

Өлкө боюнча 200дөн ашык мектеп карантинге жабылды

Республика боюнча 207 мектеп онлайн окутууда жана 214 бала бакча убактылуу карантинге жабылды. Бул тууралуу Агартуу министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, учурда өлкө аймагында сасык тумоо жана курч респиратордук вирустук инфекциялардын күч алышына байланыштуу балдардын абалы Агартуу жана Саламаттык сактоо министрликтеринин, Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин тыкыр көзөмөлүндө турат. «Санитардык-эпидемиологиялык кызматтын карантинге жабуу боюнча көрсөтмөсүнө ылайык Агартуу…

Кененирээк

Алымбек датка менен Курманжан датканын күмбөзү жаңыдан курулду

Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев Сары мазар көрүстөнүндөгү Алымбек датка менен Курманжан датканын толук жаңыдан курулган күмбөзүндө куран окуду. Буга чейин күмбөздүн сырткы, ички бөлүгү эскирип, зыярат кылганы келген жарандар үчүн да толук шарт болгон эмес. Жаңыдан курулган күмбөз мрамор таштар менен кооздолуп жасалып, ичинде зыяратчылар үчүн куран окууга ыңгайлуу шарт түзүлгөн. Жакынкы күндөрү жаңыдан…

Кененирээк

Өкмөт жаңы үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктү көрсөттү

Министрлер Кабинети жаңы үлгүдөгү улуттук айдоочулук күбөлүктү киргизүү жөнүндө токтом кабыл алды. Документ учурдагы лицензияны жаңыртуу жана аны эл аралык таануу процессин жөнөкөйлөтүү максатын көздөйт. 2019-жылдагы эски үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктү берүү бланктар түгөнгүчө уланат.Андан кийин жарандарга 2025-жылдагы жаңы үлгүдөгү айдоочулук күбөлүк берилет. Быйылтан тарта “Учкун” ишканасы жаңы айдоочулук күбөлүктөрдү жана унааны каттоо күбөлүктөрүн чыгарары айтылган….

Кененирээк