Турак-жай кооперативдери жөнүндө мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Кооперативдер жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду. Мыйзам 2023-жылдын 19-октябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган. Маалыматка ылайык, турак жай кооперативдери жашоо үчүн багытталган кыймылсыз мүлктү сатып алуу боюнча биргелешкен ишти гана жүзөгө ашырат,башка түрлɵрү каралбайт. Кооперативдердин ишин, анын ыйгарым укуктары Министрлер кабинети…

Кененирээк

Кыргызстандыктар жаңы жылда 1 жума эс алуусу мүмкүн

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги 1-7-январды эс алуу күнү деп жарыялоону сунуштап жатат. Эгер бул сунушту министрлер кабинети жактырса, анда жаңы жылдык каникул бир жумага созулушу мүмкүн. Мындан тышкары, кыргызстандыктар 2024-жылдын март айында төрт күн, май айында беш күн катары менен эс алышы ыктымал. Анда Нооруз майрамына байланыштуу 21-24-март эс алуу күндөрү болуусу күтүлсө,…

Кененирээк

«Сен жалгыз эмессиң!» Зомбулукка каршы 16 күндүк акция башталды

“Сен жалгыз эмессиң!» Мындай аталыштагы зомбулукка каршы 16 күндүк акция бүгүн Ош шаарында башталды. Саамалыктын алгачкы кунү ОшМУда уюштурулду. Анда катышуучуларга зордук-зомбулук боюнча маалымдуулукту жогорулатуу, жабырлануучуларга колдоо көрсөтүугө багытталган маалыматтар берилди. Ошондой эле тасма көрсөтүлуп аны талкуулоо аркылуу эксперттерге суроолор берилип, иш-чаранын соңунда “Мен сага ишенем” аттуу флешмоб уюштурулду. Уюштуруучулар бул катышуучулардын зомбулуксуз коомду түзүүгө…

Кененирээк

Фостердик үй бүлө 186 баланы тарбиялап жатат

Бүгүнкү күндө өлкөдө 98 фостердик үй-бүлөдө 186 бала тарбияланууда. Бул үй-бүлөлөрдү жана балдарды каржылоого быйыл 48 млн сом бөлүндү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги кабарлады. Министр Гүлнара Баатырова Аламедин районундагы фостердик үй-бүлө көрсөткөн кызматтын сапатын текшерип, балдар жана ата-энелер менен баарлашты. Фостердик үй-бүлөлөр турмуштук оор кырдаалга кабылган балдарды убактылуу жайгаштырышат. Атайын окуудан…

Кененирээк

Үй бүлөлүк зомбулуктан жапа чеккен аялдарга, балдарга атайын унаалар жардам көрсөтөт

Үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан жапа чеккен аялдарга жана балдарга тез жардам көрсөтүү үчүн атайын унаалар тапшырылды. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясы маалымдады. Анда төрт райондун социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын жетекчилерине жаңы унаалардын ачкычын Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев тапшырды. “Социалдык унаа” салонунда документтерди тариздөө, психологиялык жана юридикалык жардам көрсөтүү үчүн үстөл орнотулуп, аялдарды жана балдарды ташууга, мобилдик топтун…

Кененирээк

Депутат көзү ачыктарды жарнамалоого тыюу салууну сунуштады

Кыргызстанда көзү ачыктарды, сыйкырчыларды жана алар көрсөткөн кызматтарды жарнамалоого тыюу салуу сунушталууда. Тиелешүү мыйзам долбоорун депутат Марлен Маматалиев көтөрүп, коомдук талкууга коюлду. Анда турмушта кыйынчылыкка кабылган жарандар өз маселесин чечүүнүн бир айласы катары көзү ачыктарга кайрылып жаткандыгын белгиленген. «Көзү ачыкмын», «сыйкырчымын» дегендер кайрылгандардын кыйынчылык тартып жатканын билип, «көйгөйүн чечип берем» деп ишендирип, көз боемочулук кылышат….

Кененирээк

Соцфондко акча төлөбөгөндөр пенсия албайт

Социалдык фондго акча төлөбөгөн жарандар, пенсия курагына жеткенде, пенсия берилбейт, анын ордуна жөлөкпул гана төлөнөт. Бул тууралуу бүгүн, 23-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди. «Пенсиялык саясат өзгөрүш керек. Пенсиялык фондго акча которбой жүргөн жарандардын баары жаш курагы боюнча пенсия эмес, мындан ары жөлөкпул алышат. Ал эми карылыгын ойлоп, Соцфондго акча чегерген…

Кененирээк

Баткенде 52 жаран бизнес идеясына кайтарымсыз грант алышты

Баткенде 52 ишкер 1млн сомго чейин гранттарды алышты. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы маалымдады. Үстүбүздөгү жылдын башында башталган Баткен облусунда жергиликтүү бизнес демилгелерди колдоого багытталган  долбоорго  жалпысынан 2 миңден ашык арыз түшкөн.  Жыйынтыгында 52 жаран бизнес идеяларын ишке ашыруу үчүн 1млн сомго чейинки кайтарымсыз гранттарды алышкан. Өзгөчө көңүл аялдарга,…

Кененирээк

Шакиев видеокөзөмөлдү күчөтүүнү сунуштады

Бир ай ичинде өлкөдө жаңы төрөгөн наристесин көчөгө таштап салган 3 окуя катталды. Буга байланыштуу Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев пикирин билдирди. Төрага 22-ноябрда парламенттин жалпы отурумун ачып жатып, мындай окуялардын алдын алуу үчүн коомдук коопсуздукту күчөтүү зарыл экенин белгиледи. «Аялдарга зордук-зомбулук күчөп, жаңы төрөлгөн үч ымыркайдын көчөгө ташталганы жана башка бир топ маселелер болуп…

Кененирээк

Ошто бош орундар жарманкеси өтүүдө

Бүгүн Ош шаарында “Бош орундар жана кесиптер жарманкеси” өтүүдө. Иш чара С. Ибраимов атындагы улуттук драм театрда саат 13:00гө чейин уланат. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын маалымат кызматы кабарлады. Бугүнку иш чарага 3000 ден ашуун жумуш орундарын сунуштай турган өнөр-жай, курулуш,транспорт,соода,билим берүү, саламаттыкты сактоо ж.б тармактардан 50 ири компания катышып жатат. Иш чаранын максаты жарандарга…

Кененирээк