ЖК депутаты Улан Примов кыргызстандыктарды Нооруз майрамы менен куттуктады

Урматтуу бир туугандар! Жер жарылып, табият ойгонгон мезгилде, жылуу желдин деми жүрөктү жылытып, баардык тирүү жандыкты козгогон жана жагымдуу маанай тартуулаган, элибиздин улуу тарыхы менен бирге кылым карыткан Нооруз майрамы менен куттуктайм! Эң негизгиси касиеттүү жерибизде тынчтык, элибизде биримдик, ынтымак болсун! Ар бирибиздин жүрөгүбүздө ыйман, жүзүбүздө жылмаю кетпесин. Нооруз, элибизге тынчтык, токчулук, молчулукту ар бирибиздин…

Кененирээк

Кыргыз милициясы күчөтүлгөн тартипте иштөөдө

Нооруз майрамында милиция күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөйт. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Тартип сакчылары өлкө боюнча Нооруз майрамына карата өтө турган маданий-массалык иш-чараларда элдин коопсуздугун камсыз кылат. Эске салсак, Бишкектин айрым көчөлөрү Ноорузга карата 18-марттан 23-мартка чейин жабылары айтылган. Бул күндөрү төмөнкү көчөлөрдө чектөө киргизилген:Чүй проспектинин Панфилов көчөсүнөн Эркиндик бульварына чейинки бөлүгү;Раззаков…

Кененирээк

Садыр Жапаров кыргызстандыктарды Нооруз майрамы менен куттуктады

Президент Садыр Жапаров бүгүн кыргызстандыктарды Нооруз майрамы менен куттуктады. Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, мамлекет башчысынын куттуктоосунда мындай деп айтылат: «Кымбаттуу кыргызстандыктар!Кадырлуу калайык-калк!Алыс-жакында жүргөн урматтуу мекендештер! Биз – ар дайым кечээги өтмүшүбүзгө сереп салып, кылымдарды карытып келген ата-баба мурастарына кастарлап сый мамиле кылган элбиз. Байыркы бабаларыбыз жаздын келишин жандануунун башаты, жыл ажыраган күн катары толкундоо…

Кененирээк

Билим берүү министрлигин экиге бөлүү сунушталууда

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев бала бакча менен мектептерди өзүнчө, жогорку окуу жайлары жана илим изилдөө тармагын өзүнчө тейлеген эки министрлик түзүүнү сунуштады. Мындай пикирин ал 20-мартта Улуттук илимдер академиясында сөз сүйлөп жатып айтты. «Билим берүү жана илим министрлиги бала бакчадан баштап, мектептерди, кесиптик лицейлерди, жогорку окуу жайларын, Улуттук илимдер академиясын жана башка билим берүү,…

Кененирээк

Нооруз майрамына карата Ошто негизги көчөлөр жабылды

Нооруз майрамына карата Ош шаарынын айрым көчөлөрү жабылды. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясы билдирди. Буга байланыштуу бүгүн 20-март күнү саат 14:00дөн баштап Ленин көчөсүнүн Аматов көчөсү менен кесилишкен жеринен баштап, Баялинов көчөсүнө чейинки аралык унаа кыймылы үчүн убактылуу жабылат. (№2 троллейбустук каттамы дагы убактылуу токтойт) Курманжан-Датка көчөсүнүн түштүк тарабынан келүүчү автоунаалардын кыймылы Баялинов көчөсү аркылуу…

Кененирээк

Орто-Токой суу сактагычына 1 миллион 200 миң чабак кое берилди

Орто-Токой суу сактагычына 1 миллион 200 миң сига-лудога балыгынын чабактары кое берилди. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинен билдиришти. «Бул иштер балыкты сактап калуу жана санын көбөйтүү максатында үч жылдан бери жасалып келе жатат. Баштапкы салынган чабактар азыркы тапта салмак алып, сатууга жарап калган. Улуттук илимдер академиясынын изилдөөсүндө суу…

Кененирээк

Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы визалык режимди жөнөкөйлөтүү зарыл

Кыргызстан менен Кытай ортосундагы визалык режимди жөнөкөйлөтүү зарыл. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин өкүлдөрү Кытайдын Циндао шаарына болгон иш сапарынын алкагында айтылды. Анда Кытайдын Тышкы иштер министрлиги менен сүйлөшүүлөр жүрдү. Талкууда Тараптар мындай кадам туризм, бизнес жана маданий байланыштар үчүн маанилүү экенин белгилешти. Мындан тышкары эки өлкөнүн жарандарынын, ишкерлеринин укугун, кызыкчылыктарын коргоо да каралды. Натыйжада…

Кененирээк

Кыргызстандан кандай унаалар чыгары маалым болду

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Чүй облусуна болгон иш сапарынын алкагында «Алтын Тулпар Унаа Курулуш» заводунун курулушу менен таанышты. Завод ишке кирсе, Chevrolet жана Isuzu үлгүсүндөгү автоунааларды чыгарат. Өндүрүштүк кубаты жылына 10 миң автоунаага жетип, миңден ашык жумуш орун түзүлөт. Акылбек Жапаров тиешелүү мамлекеттик органдарга продукцияны сатууну колдоо программасын иштеп чыгып, заводдун тез арада ишке…

Кененирээк

Ишкер айымдарды колдоо аракети

Ош облусундагы аялдардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү аракети башталды. Гранттык программа ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин “Чакан жана орто бизнести колдоо аркылуу бизнести өнүктүрүүгө көмөктөшүү” долбоорунун алкагында Ош ЖИА Бизнес Ассоциациясы жана Ош облусундагы Ишкердикти колдоо борбору (ИКБ) менен өнөктөштүктө ишке ашырылууда. Программанын максаты — Ош облусундагы ишкер айымдарга финансылык эмес колдоо көрсөтүү аркылуу айымдардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн…

Кененирээк

Нефтини кайра иштетүү тармагын өнүктүрүү аракет

Министрлер кабинетинин төрагасы Чүй облусундагы «Джунда» мунай заводунун ишмердүүлүгү менен таанышты. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти. Белгилей кетсек, өткөн жылдын ноябрь айында ишканада капиталдык оңдоо иштери башталган. Заводду модернизациялоо быйыл күздө пландалууда. Заводду мурдагы кубаттуулукта ишке киргизүү 2024-жылдын экинчи кварталына болжолдонууда. Иш сапардын жүрүшүндө министрлер кабинетинин башчысы оңдоо иштеринин жүрүшү, заводдун өндүрүштүк…

Кененирээк