Өзбекстандык театр кыргызстандыктарга өзгөчө маанай тартуулашты

Алишер Навои атындагы Өзбекстандын мамлекеттик академиялык чоң театры Кыргызстанда гастролдо. Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театрында Алишер Навои атындагы Өзбекстандын мамлекеттик академиялык чоң театры шаар тургундарына жана конокторуна гала-концерт тартуулашты. Маданий иш-чарага Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Тимурлан Ажымалиев, Өзбекстан…

Кененирээк

Долбоор жазып фитнес зал ачкан айымдар

Жалал-Абад облусуна караштуу алыскы Кашка-Суу айылынын жигердүү айымдары долбоор жазып, машыгуу залын ачкан. Фитнес залдын ишке кирүүсү пенсия курагындагы энелерге чоң пайдасын тийгизүүдө. Анткени аз кыймыл менен үйдө отура бербестен сергек жашоого умтулуулары күчүгөн. Долбоор жазып айыл жергесинин өнүгүүсүнө үлүшүн кошкон айымдар максаттарын ишке ашырууга эмне түрткү болгону тууралуу кеп кылышты. Иштен кечиккенсип шашып барам……

Кененирээк

Мектептерде уюлдук телефон колдонууга тыю салынабы?

Мектептерде уюлдук телефондорду колдонууга тыю салуу керек. Бул тууралуу президенттин төрагалыгы алдында өткөн жыйында өлкө башчы Садыр Жапаров айтты. Мамлекет башчы Садыр Жапаров Билим берүү министрлигине мектептерде телефон колдонууга тыюу салган эл аралык практикага көңүл бурууну тапшырды. Жыйындын соңунда мамлекет башчы Кыргызстанда мектепке чейинки, мектептердеги жана кесиптик билим берүүнү өнүктүрүү боюнча бир катар тапшырмаларды берген.

Кененирээк

Өлкөдө сүт менен жумуртка өндүрүү өстү

Кыргызстанда 2024-жылдын январында мал жана канаттуулар көп багылып, сүт жана жумуртка өндүрүү өстү. Бул тууралуу Евразиялык экономикалык комиссиянын статистикасында айтылат.Январь ичи Кыргызстан 31,6 миң тонна мал менен тоок этин өндүргөн. Сүт 84,3 миң тонна өндүрүлүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1,5%га көп болгон. Ошондой эле жумуртка өндүрүшүндөгү көрсөткүч дагы өсүп, былтыркыга салыштырмалуу 15,3%га көп болгон….

Кененирээк

Бишкекте 124 айдоочу экзаменден кулады

Бишкекте 124 автобус айдоочусу жол эрежеси боюнча экзаменден кулап калды. Бул тууралуу Кайгуул кызматы билдирди. Борбордогу жол кырсыктарын болтурбоо максатында Бишкек шаардык кайгуул кызматы менен мэрияга караштуу Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдүү өнүктүрүү агенттиги атайын экзамен өткөрүшкөн. Сынак «Унаа» мекемесинде жүргүзүлүп, ага 222 айдоочу катышкан. Жыйынтыгында 98 айдоочу экзаменден ийгиликтүү өтүп, калган 124ү кулап калган. Алар…

Кененирээк

Кыргыз-Өзбек ишкерлеринин отуруму болду

Ташкенте Кыргыз- Өзбекишкерлер кеңешинин отуруму болуп өттү. Жыйынга жалпысынан 100дөн ашуун ишкер катышты. Кыргызстан тараптан 40тан ашуун, өзбекстандан 60тан ашуун делегат келген. Бул тууралуу КР Соода-өнөр жай палатасынын басма сөз кызматы билдирди. Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасынын президенти Темир Сариев катышуучуларды ыйык Рамазан айы менен куттуктап, эки республиканын ортосундагы соода жүгүртүүнүн өнүгүүсүн белгиледи. Мындан тышкары, Темир…

Кененирээк

Садыр Жапаров ЕАЭБ коллегиясынын төрагасын кабыл алды

Президент Садыр Жапаров бүгүн Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын төрагасы Бакытжан Сагинтаевди кабыл алды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты. Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигине мүчөлүгү алкагындагы кызматташуунун актуалдуу темалары, ошондой эле Евразия мейкиндигинде интеграцияны тереңдетүү жана кеңейтүү маселелери талкууланды. Мамлекет башчысы Бакытжан Сагинтаевди бул жогорку кызматка дайындалышы менен куттуктап, ага Биримдиктин алдында коюлган бардык милдеттерди…

Кененирээк

САЛТТУУ ТҮРК НАНҮШТӨСҮ: «Күндүн алтын тамагы»

Дүйнөнүн эң атактуу ашканаларынын бири болгон Түркия нанүштө маданияты менен өзгөчө белгилүү. Көбүнчө “Алтын тамак” деп сыпатталган салттуу түрк нанүштөсү, чынында эле, унутулгус даам, өзгөчө маанай тартуулайт. Анткени Түркиялыктар эртең мененки тамакка өзгөчө маани беришет. Түрк нанүштө маданиятынын негиздериСалттуу түрк нанүштөсү тулум жана кашар, ошондой эле ак сыр, чөкелек жана михалич сырын камтышы мүмкүн болгон…

Кененирээк

Бишкекке көп функционалдуу турак жай курулат

Бишкек шаарынын 11-кичи районуна, көп функционалдуу турак жай комплексин курууга мезгил кутусу салынды. Иш чарага министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жпаров катышты. Борбор калаадан аянты 9,64 гектар болгон жер тилкелеси “Мамлекеттик ипотекалык компания” ачык акционердик коомуна өткөрүлүп берилген. Демилге Кыргыз Республикасынын “Менин үйүм 2021-2026” турак жай программасын ишке ашыруу максатын көздөйт. Минкаб башчысы Акылбек Жапаров 2021-жылдан…

Кененирээк

Кыргызстанда алгачкы жолу заманбап балет тайпасы түзүлөт

Кыргызстанда алгачкы жолу 40 бийчиден турган классикалык балет жана заманбап бий элементтерин камтыган заманбап балет группасы түзүлөт. Маданият министрлигинен билдиргендей, 18ден 25 жашка чейинки улан-кыздар кастинг жолу менен кабыл алынат. Кастинге катышууда жарандык чектелбейт. Кастинг 2024-жылдын 3-4-апрель күндөрү Чолпонбек Базарбаев атындагы Бишкек хореграфиялык окуу жайында өтүп, советтик жана орусиялык хореограф, Алла Духованын төрагалыгы менен жана…

Кененирээк