“Мамлекеттик сатып алуулар” жөнүндө мыйзам кабыл алынды

Жогорку Кеңештин жыйынында «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» КР мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, кабыл алынды. Демилгечилер – Жогорку Кеңештин депутаттары Дастан Бекешев, Винера Раимбачаева, Марлен Маматалиев, Таалайбек Масабиров, Сеидбек Атамбаев. Жыйында баяндама жасаган мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири, депутат Дастан Бекешев белгилегендей, мыйзам долбоору ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар билим алган адистештирилген…

Кененирээк

Майып балдарды баккандарга айлык маянаны көтөрүү сунушталды

Көзөмөлгө дайым муктаж балдары бар ата-энелердин акысын эки эсе көбөйтүү сунушталды. Аны Жогорку Кеңештин 18-апрелдеги жыйынында депутат Жанарбек Акаев алып чыкты. Ал өлкөдө реабилитациялык борборлор да жетишпей турганын, аймактардагы бош турган имараттарды реабилитациялык борбор үчүн колдонууну да карап көрүүнү өтүндү. Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигинин быйыл январдагы маалыматына караганда, 14 миң 287 ден соолугунун…

Кененирээк

Балыкчы шаарынды заманбап калкты тейлөө борбору ачылды

Бүгүн Балыкчы шаарында күнүнө 350-450 жаранды тейлөөгө ылайыкталган жаңы форматтагы Калкты тейлөө борбору ачылды. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.Жалпы аянты 213 чарчы метр түзгөн тейлөө имараты Абдрахманов 258 дарегинде жайгашкан. 13 адис жарандарды кабыл алат. Мында керектүү мамлекеттик документтерди алуу үчүн бардык ыңгайлуу шарттар түзүлгөн.Жарандар электрондук кезек менен кабыл алынат, бул…

Кененирээк

Ата-энесинен ажыраган балдарга депозит ачылды

Кыргызстанда “Келечекке салым” мамлекеттик балдар депозити ишке кирет. Тиешелүү жарлыкка Садыр Жапаров кол койду. Ага ылайык, ушул жылдын 1-июнунан тарта тоголок жетим калган ар бир балага коммерциялык банктардын биринен депозит ачылып, жыл сайын республикалык казынадан каражат бөлүнөт. Акча балдар 18 жашка толгондон кийин алардын тандоосу боюнча ден соолугун, жашоо шартын жакшыртууга жана билим алууга жумшалат….

Кененирээк

20га жакын кыргызстандык Орусияга киргизилген жок

Бүгүн 17-апрельде эрте менен Орусиянын «Шереметьево» аэропортунан 20дай кыргызстандык өткөрүлгөн жок. Тышкы иштер министрлиги Кыргызстандын Москвадагы элчилиги менен биргеликте Москвадагы «Шереметьево» аэропортунда жүргөн мекендештердин абалынан кабардар болуп турушкан. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы 17-апрелде билдирди. Учурда аэропорттун транзиттик зонасында ар кандай себептер менен паспорттук текшерүүдөн өтө албай калган 20га жакын Кыргыз Республикасынын…

Кененирээк

“Ош” аэропортунда оңдоп-түзөө иштери башталды

“Ош” эл аралык аэропортунда оңдоп-түзөө иштери башталды. “Манас” эл аралык аба майданынан билдиришкендей, жумуштар жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү текшерүүгө ыңгайлуу шарттарды түзүп берүүгө багытталган. Оңдоп-түзөө иштеринин 1-этабында автоматташтырылган каттоо эсептегичтери жана жүктү жөндөөчү техникалар жаңыртылат.

Кененирээк

Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулурана 20 миң сомдон берилет

Кыргызстанда 9-майга карата Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары жана майыптары 20 миң сомдон жогору акча алышат. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди. Жалпысынан 640тай адамга дээрлик 10 миллион сом суммасындагы бир жолку жөлөк пул каралган. Каражат согуштун майыптары, катышуучулары, концлагерлердин мурдагы жашы жетпеген туткундары, атайын төш белги менен сыйлангандар, фронтто курман болгон…

Кененирээк

Май айында кыргызстандыктар беш күн катары менен эс алышат

Май айында кыргызстандыктар беш күн катары менен эс алышат. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги май айындагы дем алыш күндөрүн белгиледи. Ага ылайык, үч майрам бар: 1-май — Эмгек майрамы, 5-май — Конституция күнү, 9-май — Жеңиш күнү. Жумасына беш күн иштеген мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердин кызматкерлери үчүн 1-майдан 5-майга чейин чейин эс алуу болот….

Кененирээк

Бишкек-Ош жолунун 426-чакырымы бир тараптуу жабылды

Бишкек-Ош жолундагы Төө-Ашууда кар жаап, учурда жол тазаланып жатканы кабарланды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен кабарлашты. Мындан тышкары, Бишкек-Ош жолунун 426-чакырымында тоо боорунан таш түшүп, жол бир тараптуу жабылды. Жеринде тиешелүү техникалар иштеп жатат. Базар-Коргон-Арстанбап жана Кара-Жыгач-Сары-Челек жолунда сел жүрүп, тазалоо, калыбына келтирүү жумуштары жүрүүдө. Ашуулар аркылуу жол тарта турган айдоочулар жанына керектүү шаймандарды…

Кененирээк

Үй алууну каалагандарга шарттар жеңилдеди

Кыргызстанда мамлекеттик ипотеканы берүү процедурасы жеңилдетилди. Министрлер кабинетинин “Менин үйүм” программасынын алкагында “Үлүштүү курулуш” механизмин киргизүү жөнүндө токтому күчүнө кирди. Ага ылайык, Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу үй сатып алууда эмгек стажы, киреше жана кредиттик тарых текшерилбейт. Аталган уюмдан билдиришкендей, “Үлүштүү курулуш” механизми республиканын бардык жарандарына жеткиликтүү, анын ичинде чет мамлекеттерде иштеген кыргызстандыктарга дагы.

Кененирээк