Транспорт министрлигине 50дөн ашуун адистештирилген техника берилди

МинКаб Төрагасы Адылбек Касымалиев Транспорт жана коммуникациялар министрлигине атайын техникалардын ачкычын тапшырып, жол чарба кызматкерлеринин кесиптик майрамына карата салтанаттуу иш-чарага катышты. Салтанаттуу аземде Транспорт министрлигине 50дөн ашуун адистештирилген техника берилди.Өкмөт башчы жаңы техникалар жол салуу, оңдоо ишинин сапатын жогорулатууга өбөлгө түзөөрүн белгиледи.Ошондой эле, иш-чарада министрликтин мыкты кызматкерлерине ардак грамоталар да тапшырылды.

Кененирээк

Садыр Жапаров Түрк дүйнөсүнүн жогорку ордени менен сыйланды

Мындай чечимди Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө өлкөлөрдүн башчылары кабыл алды. Сыйлыкты Анкара шаарындагы ТМУнун 13-саммитинде Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган тапшырды. Жапаров бул жеке эмгегинин таанылышы гана эмес, кыргыз элинин түрк дүйнөсүн чыңдоого кошкон салымына берилген жогорку баа экенин айтты.

Кененирээк

Түндүк — Түштүк альтернативдик жолу 1-ноябрдан тартып жабылат

Аталган жол 1-июнда убактылуу ачылып, туристтик мезгилде негизги жолдордогу унаа агымын азайтуу үчүн пайдаланууга берилген. Эки тилкелүү жолдун жалпы узундугу 433 чакырымды түзөт. Транспорт министрлиги анын качан кайра ачыларын тактаган жок.

Кененирээк