МинКаб Төрагасы Адылбек Касымалиев Транспорт жана коммуникациялар министрлигине атайын техникалардын ачкычын тапшырып, жол чарба кызматкерлеринин кесиптик майрамына карата салтанаттуу иш-чарага катышты.
Салтанаттуу аземде Транспорт министрлигине 50дөн ашуун адистештирилген техника берилди.
Өкмөт башчы жаңы техникалар жол салуу, оңдоо ишинин сапатын жогорулатууга өбөлгө түзөөрүн белгиледи.Ошондой эле, иш-чарада министрликтин мыкты кызматкерлерине ардак грамоталар да тапшырылды.











