Аймактардагы 220 мектепке лабораториялык жабдуулар жана ноутбуктар берилди

Кыргызстан боюнча 220 кластердик мектеп STEM-класстар үчүн окуу-лабораториялык жабдуулар жана МКТ каражаттары менен камсыздалды. Агартуу министрлигинин маалыматына ылайык, жабдуулар «Алтын казык» мамлекеттик программасынын алкагында жеткирилди. Мектептерге 5 500 комплект лабораториялык жабдуу, 220 интерактивдүү панель жана 220 ноутбук берилди. Бул каражаттар сабактарда изилдөө иштерин жүргүзүүгө, лабораториялык иштерди башкарууга жана эксперименттердин жыйынтыктарын санариптик форматта көрсөтүүгө колдонулат.

Кененирээк

Сауд өнүктүрүү фонду Кыргызстанга мектептерди куруу үчүн кредит берет

Президент Садыр Жапаров «Мамлекеттик мектептерди куруу (II фаза)» долбоору боюнча кредиттик макулдашууну ратификациялады. Ал 2025-жылдын 9-октябрында Бишкекте кол коюлуп, мыйзам 2026-жылдын 29-январында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган. Сауд өнүктүрүү фонду 50 млн доллар өлчөмүндө 25 жылдык жеңилдетилген кредит берет. Анын ичинде 5 жылдык жеңилдетилген мөөнөт каралган, пайыздык ставка — жылына 1,5%. Каражат Бишкек менен Чүйдө…

Кененирээк

Ошто Г.Айтиев атындагы орто мектепке 225 орундуу кошумча корпус курулат

Ош шаарынын Төлөйкөн айылдык аймактык башкармалыгына караштуу №37 Г. Айтиев атындагы орто мектебине 225 орундуу кошумча окуу корпусунун курулушуна расмий түрдө мезгил кутусу салынды. Салтанаттуу иш-чарага Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев, Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Кудайбердиев, Ош шаардык кеңешинин төрагасы Болот Баетов, тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилери, билим берүү тармагынын өкүлдөрү жана жергиликтүү тургундар катышты. Иш-чаранын жүрүшүндө…

Кененирээк

Улан Примов: “Совет доорундагы жатакананы мектеп катары пайдаланышууда”

Бүгүн, Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Улан Примов Кара-Суу районундагы Мады айыл өкмөтүнө караштуу бир катар көйгөйлөрдү көтөрдү. Анын айтымында, Жоош айылында мектептин курулушу башталып, учурда токтоп калган. Натыйжада окуучулар совет доорунан калган жатакананы мектеп катары пайдаланууга аргасыз болууда. Депутат ушундай эле жагдай Кызыл-Тал айылында да орун алып жатканын белгиледи. Мындан тышкары, Улан Примов Октябрь, Кызыл-Тал…

Кененирээк

12 жылдык билим берүү системасына өтүү үчүн 1 млрд сомдон ашык каражат бөлүндү

Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында каржы министринин орун басары Нурбек Акжолов билдирди. Каражат төмөнкү багыттарга жумшалат: 2026-жылга республикалык бюджетте дагы 1 млрд 66 млн сом каралган. Эскерте кетсек, 2025/26-окуу жылында Кыргызстанда 12 жылдык окуу программасына 1-, 2-, 5- жана 7-класстардын окуучулары өткөн.

Кененирээк

Кыргызстан жана Австрия Ысык-Көл облусунда туризм мектебин түзүшөт

Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева Австриянын делегациясы менен видеоконференция өткөрдү. Жолугушууда кесиптик-техникалык билим берүүнү өнүктүрүү жана австриялык методология менен туризм мектебин ачуу талкууланды. Негизги долбоор — Ысык-Көл облусунда адистештирилген билим берүү борборун түзүү. Башкы басым кышкы туризм жана кышкы спорт түрлөрү үчүн кадр даярдоого жасалат, имараттарды реконструкциялоо жана жабдуу маселелери каралууда. Мындан тышкары,…

Кененирээк

Кара-Кулжа районунда заманбап билим уясы ачылды

Ош облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу Капчыгай айыл аймагынын Кара-Таш айылында жаңы Ысак Жорокулов атындагы мектептин ачылышы болду. Билим уясынын ачылуу аземине Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев баштаган Жогорку Кеңештин депутаттары Улан Примов, Сүйүн Өмүрзаков, Нуржигит Кадырбеков, Эмил Токтошев, Азамат Исраилов жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышышты. Буга чейин айыл эли 1975-жылы ашар жолу менен курулган эски…

Кененирээк

Мектепте бомба коюлганы тууралуу жалган билдирүү тараткан окуучулар аныкталды

30-ноябрда Бишкек шаарындагы билим берүү мекемелеринде боло турган теракттар тууралуу атайылап жалган билдирүүлөрдү тараткан 3 окуучу аныкталды. Бул тууралуу улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети кабарлады. Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш чараларынын жүрүшүндө борбор калаадагы №33 мектеп-гимназиясынын 9-классынын окуучулары кармалган. Алар окуу процессин үзгүлтүккө учуратуу максатында фейк аккаунттарды колдонуп, мектептин электрондук дарегине бомба тууралуу жалган билдирүүлөрдү жөнөтүшкөн. Аталган мектеп…

Кененирээк

Чоң-Алай: 375 орундуу мектеп пайдаланууга берилди

Ош облусунун Чоң-Алай районуна караштуу Кашка-Суу айылында 2015-жылы башталган Максатбек Эсенкелди уулу атындагы мектеп бүткөрүлүп, пайдаланууга берилди. Айыл элин күттүргөн иш чарага Жогорку Кенештин депутаты Улан Примов катышты. Саамалыктын алкагында мектептин курулушуна кошкон салымы үчүн “Чоң-Алай районунун ардактуу атуулу” наамы ыйгарылды. Билим уясы 375 орунга ылайыкташкан. Мектеп окуу корпусунан, спорттук залдан жана өтмө галереядан турат….

Кененирээк