Энергетиктер жаңы техникалуу болушту

Энергетика министрлигине 86 млн сомдук атайын 33 даана техникалардын ачкычы тапшырылды. Белгилей кетсек, жалпы 33 даана атайын техниканын 28 даанасы бригадалык унаа, 3 жеңил унаа жана 2 даана экскаватор. Техникаларды Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тапшырды.  “Электр энергиясыз жашоону элестетип болбойт. Ошол себептүү Мамлекет башчыбыздын реформалары аркылуу өлкөнүн энергетика тармагында бир топ алгылыктуу иштер жүргүзүлүүдө….

Кененирээк

Эртең салык декларациясын кабыл алуунун акыркы күнү

Эртең, 30-апрелде жеке жактар жана жеке ишкерлер үчүн бирдиктүү салык декларациясын тапшыруу мөөнөтү аяктайт. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы эскертет. Бүгүн жана эртең бардык аймактык салык органдары декларацияны түнкү саат 24:00 гө чейин кабыл алышат. Эскерте кетсек, 1-майга чейин салык декларациясын төмөнкүлөр тапшырууга милдеттүү: – жеке ишкерлер, анын ичинде патент менен иштегендер; – менчигинде салык…

Кененирээк

ӨКМ: Тоолуу аймактарда кар көчкү түшүү коркунучу жогору

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кар көчкүгө байланыштуу шашылыш билдирүү таратты. Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсүнө ылайык, үстүбүздөгү жылдын 27-апрелинен 29-апрелине чейинки жаан-чачынга байланыштуу төмөнкү тоолуу аймактарда кар көчкү түшүүсү күтүлүүдө: Кыргызстандын тоолуу райондорунда;Бишкек – Ош унаа жолунун 207-224-чакырымындагы Ала-Бел ашуусунда;Каракол – Эңилчек унаа жолунун 74-86 чакырымындагы Чоң-Ашуу ашуусунда.Белгиленгендей, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык…

Кененирээк

Эми нотариалдык кызматтар ишемби күнү да иштейт

Бүгүнтөн баштап Кыргызстанда мамлекеттик нотариустар ишемби күндөрү да иштеп баштайт. Юстиция министрлигинен билдиришкендей, бул мүлктү легалдаштырууну каалагандардын көптүгү менен байланыштуу. Мындан тышкары, стандарттуу нотариалдык аракеттерди жасоо, анын ичинде мурастык иштерди каттоо үчүн жарандар жеке нотариустарга кайрыла алышат. Эске салсак, 9-июнга чейин мүлктөрдү ыктыярдуу түрдө легалдаштырууга болот.

Кененирээк

“Мамлекеттик сатып алуулар” жөнүндө мыйзам кабыл алынды

Жогорку Кеңештин жыйынында «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» КР мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, кабыл алынды. Демилгечилер – Жогорку Кеңештин депутаттары Дастан Бекешев, Винера Раимбачаева, Марлен Маматалиев, Таалайбек Масабиров, Сеидбек Атамбаев. Жыйында баяндама жасаган мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири, депутат Дастан Бекешев белгилегендей, мыйзам долбоору ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар билим алган адистештирилген…

Кененирээк

“Ош” аэропортунда оңдоп-түзөө иштери башталды

“Ош” эл аралык аэропортунда оңдоп-түзөө иштери башталды. “Манас” эл аралык аба майданынан билдиришкендей, жумуштар жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү текшерүүгө ыңгайлуу шарттарды түзүп берүүгө багытталган. Оңдоп-түзөө иштеринин 1-этабында автоматташтырылган каттоо эсептегичтери жана жүктү жөндөөчү техникалар жаңыртылат.

Кененирээк

Үй алууну каалагандарга шарттар жеңилдеди

Кыргызстанда мамлекеттик ипотеканы берүү процедурасы жеңилдетилди. Министрлер кабинетинин “Менин үйүм” программасынын алкагында “Үлүштүү курулуш” механизмин киргизүү жөнүндө токтому күчүнө кирди. Ага ылайык, Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу үй сатып алууда эмгек стажы, киреше жана кредиттик тарых текшерилбейт. Аталган уюмдан билдиришкендей, “Үлүштүү курулуш” механизми республиканын бардык жарандарына жеткиликтүү, анын ичинде чет мамлекеттерде иштеген кыргызстандыктарга дагы.

Кененирээк

“Ден соолук кербени” Баткен элин акысыз медициналык кароодон өткөрүүдө

“Ден соолук кербени” Баткен облусунда акысыз медициналык кызмат көргөзөт. Бүгүн кербен, Суу-Башы айыл өкмөтүнө караштуу Апкан айылынын элин акысыз медициналык кароодон өткөрүп жатат. Бул «Примов» фонду тарабынан ишке ашып жатат. “Примов” фондунун “Ден соолук кербени” көчмө клиникасы заманбап медициналык апараттар менен ыктыярчы дарыгерлердин коштоосунда 15 апрелден тарта Баткен облусунун аймагын кыдырып кызмат көргөзүшөт. Акысыз текшерүү…

Кененирээк

Өлкөдө күйүүчү-майлоочу майдын басы көтөрүлдү

КРнын Улуттук статистикалык комитети Кыргызстанда апрель айынын башына карата күйүүчү-майлоо майдын орточо баасын жарыялады.Ага ылайык, азыркы учурда АИ-95 маркасындагы күйүүчү-майдын литри — 71,48 сомдон сатылууда, март айында 70,19 сом болгон. Ал эми АИ-92 — 64,64 сомдон сатылып жатат, бензиндин бул түрү март айында — 63,25 сомдон сатылган.Учурда АИ-80дин орточо баасы — 58,35 сомдон болсо, мартта…

Кененирээк

“Мир” картасы мындан ары Кыргызстанда иштебейт

“Мир” картасы Кыргызстанда 5-апрелден тарта иштебейт. Бул туурасында Банктар аралык процессинг борбору (“Элкарт” төлөм системасынын оператору) билдирди. Февралдын соңунда АКШ Россиянын “Мир” (“Улуттук төлөм карталар системасы” АА) карталарынын операторуна санкция киргизген. Кыргызстанда экинчи санкцияларды салуу тобокелчилигин азайтуу үчүн өз ара кызматташууну жана тейлөөнү токтотуу чечими кабыл алынганы белгиленди.5-апрелден кийин төмөнкү операциялар ишин токтотот: POS-терминал аркылуу…

Кененирээк