Нарында ипотекалык батирлер тапшырылды

Садыр Жапаров Нарындагы МИК тарабынан курулган көп кабаттуу үйлөрдүн ачылышына катышты. “Үйгө муктаждарга турак жай куруу саясатын мындан ары дагы улантабыз. Үйгө муктаж болгон ар бир кыргызстандык үйлүү болгонго чейин уланат. Буюрса, жыл соңуна чейин Баткен, Токмок, Кара-Балта, Манас, Каракол жана Чолпон-Ата шаарларында, ошондой эле Сокулук, Сузак, Кара-Суу жана Өзгөн райондорунда 20 миңден ашык батирдин…

Кененирээк

Кыргызстанда жылдын мыкты мугалимине Чолпон-Атадан бир бөлмөлүү батир белек кылынды

Меруэт Бакирова Тамчыдагы мектепте диндердин өнүгүү тарыхынан сабак берет. Ага батирдин ачкычын минкаб төрагасы Адылбек Касымалиев салтанаттуу иш-чарада тапшырды. Ошондой эле предметтик номинациялар боюнча жеңген 14 мугалимге президенттин фондунан 500 миң сомдон берилди. Бүгүн өлкөдө Билим берүү кызматкерлеринин күнү белгиленүүдө.

Кененирээк

Күч түзүмдөрүнүн кызматкерлерине ипотекалык батирлердин ачкычы тапшырылды

Садыр Жапаров күч түзүмдөрүнүн кызматкерлерине миңден ашык ипотекалык батирдин ачкычын тапшырды. Бишкекте курулган “Асман резиденс-1” комплекси 11 блоктон туруп, жалпы 1 050 батири бар. Аймагында 551 орундуу унаа токтотмосу жана балдар үчүн оюн аянтчалары каралган. Ачкыч тапшырып жатып өлкө башчы жыл аягына чейин МИК аркылуу 20 миңден ашык түтүнгө батир берилерин билдирди.   Президенттин айтымында, азыркы учурда…

Кененирээк

Өлкөдөгү эң мыкты мугалимге батир берилет

Агартуу министрлиги “Жылдын мыкты мугалими” сынагын өткөрүп жатат. Ага 133 окутуучу катышууда. Мугалимдер “Педагогикалык кырдаалдар”, “Мастер-класс”, “Сабак” сыяктуу турлардан өтүшү зарыл. Мыкты деп табылган педагогго батир берилет. Калган номинациялардын жеңүүчүлөрү президенттин фондунан акчалай сыйлык алышмакчы. Жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземи 5-октябрда өтөт.

Кененирээк

Мамлекеттик ипотекалык компания эми премиум-класстагы батирлерин колдонууга берет

Прораб Бектур Назаровдун айтымында, ушул жылдын октябрь айында 6,5 миң батирдин берилиши күтүлүүдө. Үйлөр Бишкектин Байтик Баатыр көчөсүндө жайгашкан. Анда ар бири 18 кабаттан турган 43 блок салынууда. Ар биринин астында жер алдындагы унаа токтотуучу жайлары бар. Тагыраагы, ар бир батир үчүн унаа токтотуучу жай да каралган. Курулушка сапаттуу каражаттар, М-400 үлгүсүндөгү цемент жана Россиядан…

Кененирээк

Бишкекте батирлердин баасы декабрь айында 18,4% кымбаттады

Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин башкы адиси Аман Кебековдун айтымында, былтыр орточо эсеп менен батирлердин баасы 23,8% жогорулаган. Январь айында турак жайдын орточо баасы 1 чарчы метри үчүн 102 миң сомду (1170$), ал эми декабрда 126,3 миң сомду (1440$) түзгөн. “I кварталда баалар туруктуу өсүп, 1,4%ды түздү. Февраль, мартта өсүш 1,9% болду. Апрелде 0,6%га чейин…

Кененирээк