Кыргызстан ВПЧ-вакцинация менен камтуу боюнча алдыңкы 10 өлкөнүн катарына кирди

2025-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстанда адам папиллома вирусуна каршы вакцинация менен камтуу 90,5%ды түздү. Өлкө ВПЧ-вакцинаны ийгиликтүү киргизүү боюнча Европа регионундагы алдыңкы он өлкөнүн катарына кирди. Бул маселе Саламаттык сактоо министрлигинин эксперттер, ЮНФПА жана Үй-бүлөнү пландоо альянсы менен өткөргөн жумушчу кеңешмесинде талкууланды. Кийинки кадам — жатын моюнчасынын рагын эрте аныктоо системасын өнүктүрүү болот. Саламаттык сактоо министрлиги…

Кененирээк

Кыргызстанда Нипах вирусуна байланыштуу санитардык-карантиндик көзөмөл күчөтүлдү

Кыргызстанда Нипах вирусу боюнча ооругандар аныкталган эмес. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.  Азыркы учурда вирус Индияда катталууда. Өлкөдө эпидемиологиялык абал туруктуу көзөмөлдө.  Мамлекеттик чек арада санитардык-карантиндик көзөмөл күчөтүлдү:  -келген жарандардын саламаттыгы текшерилет  -транспортко санитардык көзөмөл жүргүзүлөт  -медкызматкерлер эрте аныктоо жана обочолонтуу боюнча нускама алышты.  Нипах вирусунун табигый булагы — жарганаттар. Жугуу жолдору: — жаныбарлар менен…

Кененирээк

Индияда дарысы чыга элек Нипах вирусу чыкты

Индиянын Батыш Бенгалия штатында өлүмгө алып келиши өтө жогору болгон Нипах вирусунун очогу катталды. The Independent жазгандай, азырынча 5 адамдан вирус табылган, алардын арасында дарыгерлер да бар.  100дөн ашык адам карантинге алынып, бейтаптар Калькутта шаарындагы ооруканаларда дарыланууда. Бир адамдын абалы оор деп бааланууда.  Нипах вирусу жарганаттар аркылуу тарайт, адамга жаныбардан же жугуштуу тамак-аш аркылуу өтүшү…

Кененирээк