Президент Садыр Жапаров: “Чакан ГЭСтер – Кыргызстандын энергетика саясатынын стратегиялык маанилүү багыттарынын бири”

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 20-апрелде, Чүй облусунун Сокулук районундагы “Сокулук” жана “Туюк” чакан ГЭСтерин ишке киргизүү аземине катышты. Мамлекет башчысы өз сөзүндө бүгүнкү күндө өлкөдө энергиянын кайра жаралуучу булактарынын үлүшүн көбөйтүү боюнча ырааттуу саясат жүргүзүлүп жатканын баса белгиледи. “Чакан ГЭСтерди куруу менен электр энергиясын өндүрүүнүн көлөмүн көбөйтүү натыйжалуу жана ыкчам инструменттердин бири болуп…

Кененирээк

Кыргызстан Жогорку Нарын ГЭС каскадын кайра жандандырууну көздөөдө

Энергетика министри долбоор менен байланыштуу инвестицияларды тартууну талкуулоо үчүн энергетикалык компаниялардын жетекчилери менен жолукту. Мурда «Русгидро» менен биргеликте жалпы кубаттуулугу 238 мегаватт болгон 4 станцияны куруу пландалган. Ошондо долбоордун баасы $727 млн деп бааланган, бирок бир катар себептерден улам ишке ашпай калган. Өткөн жылы Россиянын компаниясы кайрадан ЖНКга кызыгуусун көрсөттү.

Кененирээк

Былтыр Кыргызстанда сегиз чакан ГЭС ишке берилди

Былтыр Кыргызстанда жалпы кубаттуулугу 44 МВттан ашык сегиз чакан гидроэлектростанция ишке берилди. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, учурда Орто-Токой, Папан жана Ылдыйкы Тар чакан ГЭСтерин куруу иштерин активдүү уланууда. Бул объекттер өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун камсыздоодо жана электр энергиясынын жетишсиздигин азайтууда олуттуу салым кошот деп күтүлүүдө.

Кененирээк