Өлкө башчы ЕККУнун башкы катчысы менен Жакынкы Чыгыштагы абалды талкуулады

Садыр Жапаров боордош өлкөлөрдө миңдеген жай тургундар жабыркап, маанилүү инфраструктура талкаланып жаткан жаңжалга тынчсыздануусун билдирди. Жапаров менен Феридун Синирлиоглу бардык талаштуу маселелерди тынчтык жолу менен чечүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.

Кененирээк

Жакынкы Чыгыштан кыргызстандыктарды эвакуациялоо улантылууда

Тышкы иштер министрлиги Кувейт, Бахрейн жана Катардын аймактарындагы Кыргызстандын жарандарын кайтаруу боюнча атайын эвакуациялык авиакаттам уюштурууда. Эвакуациянын биринчи этабында жарандардын тизмеси түзүлүп, виза жана өлкө аймагынан чыгуу үчүн уруксаттар алынган. 13-мартта жарандар Эль-Кувейт, Манама жана Доха шаарларынан автобустар менен Эр-Рияд шаарына багыт алды.

Кененирээк

Президент Жакынкы Чыгыштагы жаңжалды токтотууга чакырып, тараптарды диалогго кайтууга үндөдү

Президент Садыр Жапаров Жакынкы Чыгышта күчөп жаткан чыңалуу тынчсыздануу жаратып жатканын билдирди. Ал жаңжалдын ыйык Орозо айында болуп жатышы өкүнүчтүү экенин белгиледи. Мамлекет башчысы карапайым жарандардын курман болушун айыптап, алардын жакындарына көңүл айтты. Жапаров БУУнун уставына ылайык, тараптарды сабырдуулукка чакырып, согуш аракеттерин токтотууга, кырдаалды тынчтык жолу менен чечүү үчүн диалогго кайтууга үндөдү.

Кененирээк

Кыргызстан өз жарандарын Жакынкы Чыгыштан алып келүү үчүн каттам уюштурушу мүмкүн

Тышкы иштер министрлиги Сауд Арабия, Бириккен Араб Эмираттары жана Омандын расмийлери менен кыргыз жарандарын эвакуациялоо үчүн рейстерди уюштуруу боюнча сүйлөшүү жүргүзүүдө. Министрлик Садыр Жапровдун тапшырмасы менен жүрүп жаткан сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы жөнүндө кошумча маалымат бериле турганын билдирди. ТИМ Жакынкы Чыгышта жүргөн жарандарды этият болууга үндөп, кооптуу аймактардан оолак болууну жана документтерин дайыма жанында алып жүрүүнү эскертти.

Кененирээк