Казакстандан импорттолгон 25 тонна пияз артка кайтарылды

Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментине караштуу Баткен башкармалыгынын “Ак-Тилек автожолу” фитосанитардык текшерүү постунда 2026-жылдын 29-мартында Казакстан Республикасынан импорттолуп кирген 25 тонна пияз продукциясы фитосанитардык көзөмөлдөө учурунда продукциянын таңгагында маркировка жок экендиги аныкталган. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен кабарлашты. Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин 2016-жылдын 30-ноябрындагы № 157 чечимине…

Кененирээк

Жугуштуу оору жайылган өлкөлөрдөн мал жана алардан алынган азыктардын импортуна чектөө киргизилет

Айыл чарба министрлиги ветеринардык-санитардык көзөмөл күчөтүлгөнүн белгиледи. Маалымдалгандай, жугуштуу оорулар катталган өлкөлөр же аймактардагы эпизоотиялык кырдаалга баа берилип, ал жактардан ташылып келүүчү жаныбарларды жана алардан алынган продукцияларды өлкө аймагына алып кирүүгө убактылуу чектөөлөр киргизилет. Бул чаралар өлкөдө эпизоотиялык туруктуулукту сактоого, калктын саламаттыгын жана азык-түлүк коопсуздугун камсыздоого багытталганы кошумчаланды.

Кененирээк

Этти, цитрус өсүмдүктөрүн, кантты жана какаону импорттоодо бажы төлөмдөрү алынбайт

2026-жылдын 30-январында Евразиялык экономикалык комиссиянын Кеңешинин жыйынында Кыргыз Республикасынын агроөнөр жай комплексин колдоого багытталган бир катар чечимдер кабыл алынды. Кабыл алынган документтерге ылайык, Кыргыз Республикасынын аймагына ички керектөө жана өнөр жайлык кайра иштетүү үчүн алып келинүүчү социалдык жана экономикалык жактан маанилүү айрым товарларды импорттук бажы төлөмдөрүнөн бошотуу боюнча тарифтик жеңилдиктер каралган. Ири мүйүздүү малдын этиЖеңилдиктин…

Кененирээк

Алкоголдук жана чылым продукцияларын экспорттоодо навигациялык пломбалар колдонулат

Кыргызстанда 11-февралдан тарта алкоголдук, чылым продукциясын экспорттоодо жана импорттоодо навигациялык пломбаларды милдеттүү колдонуу башталат. Мамлекеттик салык кызматынан билдиришкендей, товарды мындай ыкма менен көзөмөлдөө анын унаа жана темир жол аркылуу жүрүүсүндө колдонулат. Максаты — декларацияланган товардын сакталышын камсыздоо болуп саналат. Бул чек арадан өтүү процессин тездетип, бизнеске жүктү жеңилдетет.

Кененирээк