Бишкекте жаңы Geely электробустары каттамга чыгышы мүмкүн

Мэрия тарабынан кылдат техникалык талдоо жүргүзүлгөндөн кийин Geely электробустары Бишкектин автопаркын толукташы мүмкүн. Борбор калаада бир кубаттоо менен 250 чакырымдан кем эмес жол жүрүүгө жөндөмдүү, Кытайда жасалган маневрдүү электробустардын бет ачары өттү. Мэр Айбек Жунушалиев заманбап коопсуздук тутумдары жана пневматикалык асма менен жабдылган чакан моделдин артыкчылыктарына жеке өзү баа берди. Бул транспорт экологиялык таза каттамдарга…

Кененирээк

Кытайдын Гуанчжоу шаарынан Бишкекке аба каттам ачылды

Жекшемби күнү China Southern Airlines авиакомпаниясы тарабынан аткарылган алгачкы каттам менен 134 жүргүнчү Бишкекке учуп келип, кайра 104 жүргүнчү учуп кетти. Гуанчжоу – Бишкек – Гуанчжоу багытындагы каттам аптасына эки жолу – шаршемби жана жекшемби күндөрү аткарылат. Белгилей кетсек, China Southern Airlines компаниясы Бишкектен Бээжин шаарына жумасына алты жолу каттам аткарат.

Кененирээк

Жидда-Ош багыты боюнча авиакаттамдар жанданды

Бүгүндөн тарта Жидда — Ош багыты боюнча түз авиакаттамдар жанданарын элчи Улукбек Марипов билдирди. Рейстер жумасына үч жолу — дүйшөмбү, шаршемби жана жума күндөрү болот. Кыргызстандын Сауд Арабиядагы элчиси бул каттамдар менен биринчи кезекте буга чейин билеттерин алып, бирок уча албай калган мекендештер келерин билдирди. Марипов Жидда — Бишкек боюнча да каттамдарды жандандыруу маселеси талкууланып…

Кененирээк

Бишкекте бардык автобус каттамдарынын багыты өзгөртүлөт

Мэриянын транспорт департаментинин башчысы Уланбек Бейшенбаев билдиргендей, өзгөрүүлөр учурда иштеп жаткан 72 каттамдын баарын камтыйт. Айрым каттамдар айлампа түрүнө өтөт. Мэриянын маалыматына ылайык, автобустардын жүрүү аралыгы кыскарып, жүргүнчүлөр муктаждыгына карап башка автобустарга оңой эле которула алышат. Мында «Тулпар» картасы менен бир саат ичинде бир же бир нече каттамда 17 сом менен жүрүүгө болот.

Кененирээк

Бишкек — Нарын — Бишкек каттамынын саны көбөйтүлдү

Бишкек — Нарын — Бишкек каттамынын саны көбөйтүлдү. “Асман Эйрлайнс” компаниясы аталган багыт боюнча учууларды аптасына эки ирет — дүйшөмбү жана жума күндөрү аткарып баштады. Буга чейин Нарынга ордо калаадан жумасына бир жолу учактар жөнөп жаткан болчу. Билеттин баасы дагы 3 миң 100 сомдун ордуна 2 миң 100 сомго арзандатылды.

Кененирээк